Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:10

Өлкөдөгү мектептердин техникалык абалы текшерилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү бардык мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелердин имараттарынын абалын текшерүү тапшырмасын берди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы мындай чечим 17-майда Терек-Сай айылындагы мектептин шыбы урап түшкөн окуя талкууланган жыйында кабыл алынганын кабарлады.

“Министрлер кабинетинин башчысы билим берүү мекемелеринин коопсуз иштешине жооптуу тиешелүү мамлекеттик органдардын ишин сынга алды”, - деп айтылат маалыматта.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнө караштуу №18 Амирабек Чымканаев атындагы орто мектепте 17-майда сабак учурунда класстын шыбы урап түшкөн. Кырсык болгон учурда кабинетте бир мугалим, 16 окуучу болгон.

Алар Ала-Бука райондук ооруканасына жеткирилип, мугалим жана төрт окуучу ооруканага жаткырылды. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы канааттандырарлык экенин билдирди.

Чаткал районунун билим берүү бөлүмү кырсык болгон мектеп 1951-жылы салынганын, авариялык абалда болбогонун кабарлады. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG