Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:45

Орусия менен Украинанын тынчтык сүйлөшүүлөрү убактылуу токтоду


Орусия менен Украина делегациялары, Гомель. 28-февраль, 2022-жыл.
Орусия менен Украина делегациялары, Гомель. 28-февраль, 2022-жыл.

Орусия менен Украина сүйлөшүүлөрдү убактылуу токтотконун билдиришти. Адегенде орус тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, сүйлөшүүлөр токтогонун айтты.

“Жок, сүйлөшүүлөр уланбады. Украина иш жүзүндө сүйлөшүүлөр жараянынан чыкты”, - деп айтты Руденко.

Кийинчерээк украин президенти Зеленскийдин администрациясынын жетекчиси Михаил Подоляк сүйлөшүүлөр убактылуу токтогонун бышыктады.

“Бирок алар жакын арада калыбына келет”, - деди Подоляк. Ал ошондой эле "орус президентинин абийирин сактап калуу үчүн Украина эч нерседен баш тартпайт" деп кошумчалады.

Тараптардын сүйлөшүүлөрү Орусия кол салган 24-февралдан көп узабай башталган. 11-майда орус президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков сүйлөшүүлөр “өтө жай, жыйынтыксыз” уланып жатканын айткан.

15-майда Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба “элдешүүдө жаман эч нерсе жок, бирок Киев аймагынын бир бөлүгүнөн баш тартпайт" деп белгилеген.

Зеленский Путин менен алдын ала коюлган эч кандай шарт жана ультиматумсуз кездешүүгө даяр экенин билдирген. Президенттин айтымында, француз мамлекет башчысы Эммануэл Макрон Путиндин “жүзүн сактап калуу үчүн” Киевге “суверенитетке тиешелүү чегинүүгө барууну” сунуш кылган. Макрон конкреттүү кандай сунуш айтканын Зеленский тактаган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG