Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:08

Тажикстанда "Озоди" менен "Настоящее времянын" кабарчыларына кол салуу болду


Муллораджаб Юсуфи жана Анушервон Арипов. Душанбе, 17-май 2022-жыл
Муллораджаб Юсуфи жана Анушервон Арипов. Душанбе, 17-май 2022-жыл

Дүйшөмбү шаарында "Азаттыктын" тажик кызматынын ("Озоди" радиосу) жана "Настоящее время" телеканалынын кабарчыларына кол салуу болду. Аскердик эмес кийимчен кишилер Муллоражаб Юсуфи, Барот Юсуфи, Анушервон Арипов жана Насим Исамовду машинеден күчтөп чыгарып, техникасын, чөнтөк телефондорун тартып алышты. Бул тууралуу "Настоящее время" билдирди.

Маалыматка караганда, журналисттер Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы окуяларды чагылдырып жүрүшкөн. Ал жактан чыккан жарандык активист менен интервью жаздыргандан кийин алар кеңсеге кайтып баратканда белгисиз адамдардын кол салуусуна туш болду. Муллоражаб Юсуфини сабап кетишкени маалымдалды. “Озоди” кабарлагандай, ал кишилер сыягы журналисттерди билчү.

Буга чейин Тажикстандын "Азия-Плюс" агенттиги бийликтин кысымынан улам Тоолуу Бадахшандагы соңку окуяларды чагылдыруудан баш тартканын билдирген. Тажикстан “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун прессанын эркиндиги рейтингинде 180 өлкөнүн арасынан 152-орунду ээлейт.

16-майда милиция Хорог шаарынын борборуна багыт алган жаштардын тобун токтотуу үчүн көздөн жаш чыгаруучу газ жана желим окторду колдонгону кабарланган.

Андан мурда, 14-майда Хорог шаарынын жүздөгөн тургундары митингге чыгып, Тоолуу Бадахшан автоном облусунун башчысы Алишер Мирзонаботтун жана шаардын мэри Ризо Назарзоданын отставкага кетишин, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну, Бадахшандын тургундарын куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан.

Автоном облустун бийлиги митингчилердин аймактын жетекчилерин кызматтан алууга байланыштуу талабын "мыйзамсыз" деп мүнөздөп, аны аткаруудан баш тарткан. Митингдин катышуучуларынын бири талаптар аткарылмайынча нааразылык акциялары улана берерин "Озоди" радиосуна айткан.

Өткөн айда Улуттар Уюмунун эксперттер тобу Тоолуу Бадахшан облусунда күчөп бараткан чыңалууга тынчсызданып, тажик бийлигин "Памирдеги азчылыкты" коргоого жана аймактагы адам укуктарын сактоого чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG