Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Токаев Нур-Султан Москванын өнөктөшү бойдон каларын билдирди


Токаев менен Путин. Кремль, 16-май 2022-жыл
Токаев менен Путин. Кремль, 16-май 2022-жыл

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Пути менен 16-майда Москвадагы жолугушууда "эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жана саясий алакалар көңүл жубатарлык экенин" билдирди.

Кремлдин маалыматына караганда, Путин орус компаниялары казак экономикасына 17 миллиард доллар инвестиция салганын, азыркы кыйынчылыктарга карабай өнүгүү бар экенин белгиледи.

Дүйшөмбүдө Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) жыйынында орус лидери уюмдун контингентин Казакстанга киргизүү маселесине дагы бир жолу токтолуп, аскерлер экстремисттердин Казакстанда бийликти басып алуусун алдын алууга жетишкенин билдирди.

Өткөн январда өлкө "сыртан агрессияга" туш болгонун айткан Токаевдин өтүнүчү менен ЖККУ эки миңдей аскерин кошуна өлкөгө жөнөткөн. Контингенттин киргизилиши өлкө ичинде жана сыртында сынга кабылган.

Эксперттер Орусия Казакстанга өз таасир чөйрөсүнө кирген мамлекет жана товарларын сатуу үчүн ири рынок катары карап келерин белгилешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG