Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:13

Кыргыз бийлиги Кумтөрдү өзүнө алганына бир жыл болду


Бүгүн 17-майда Кыргызстандын бийлиги Кумтөр алтын кенин өз алдынча башкарууга алганына бир жыл болду. Туура бир жыл мурда Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, Министрлер кабинетине “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүнү тапшырган.

Президент Садыр Жапаров быйыл 4-апрелде элге кайрылуу жасап, канадалык инвестор “Центерра” менен доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча макулдашууга кол коюлганын, Кыргызстан андагы 26 пайыздык акциясын өткөрүп, эки тарап доолордон баш тартарын жарыялаган жана мындан ары "Кумтөр Голддун" 100% акциясы Кыргызстанга таандык экенин билдирген.

"Бириккен демократиялык кыймыл" оппозициялык бирикмеси 13-апрелде Бишкекте жыйын куруп, бийликти бул макулдашуудан баш тартууга чакырган, аны менен өлкө экологиялык чыгымдарды өзүнө алганын утулуш деп атаган.

Кумтөр кени боюнча тынчтык макулдашуусуна эки тарап тең пландуу түрдө даярданганын "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин жетекчиси, ишкананын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк быйыл 13-майда билдирген. Ал “Центерранын” башка жолу болбогонун, кыргыз тарап жарашпай турганын билдиргенин, “Центерра” эски схемаларын колдонууга, пара берүүгө, опузалоого аракет кылганын, бирок президент Садыр Жапаровдун саясий эрки менен иш аягына чыкканын белгилеген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG