Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:20

"БАЭнин инвестициялык мүмкүнчүлүгүн пайдаланбай жатабыз"


Президент Садыр Жапаров жана БАЭнин жаңы президенти Мухаммад бин Заед Аль Нахайян.
Президент Садыр Жапаров жана БАЭнин жаңы президенти Мухаммад бин Заед Аль Нахайян.

Абу-Дабидеги Нью-Йорк университетинде эмгектенген изилдөөчү инженер Ажымурат Орозалиев менен эки өлкө ортосундагы алака жөнүндө маектештик.

Президент Садыр Жапаров 17-майда Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) мурдагы президенти Халифа бен Заид Аль Нахайяндын каза болгондугуна байланыштуу ал өлкөгө барып, жаңы президенти Мухаммад бин Заед Аль Нахайянга көңүл айтып келди.

Президент Садыр Жапаров жана БАЭнин жаңы президенти Мухаммад бин Заед Аль Нахайян.
Президент Садыр Жапаров жана БАЭнин жаңы президенти Мухаммад бин Заед Аль Нахайян.

- Мамлекет башчы Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына барып, аза күтүү иш-чараларына катышып келди. Муну Кыргызстан менен ал өлкөнүн ортосундагы алаканы өнүктүрүүгө ишара десек болобу?

- Мурунку монарх кайтыш болгонуна үч күн болду. Анын ордуна иниси президент болуп шайланды. Жогорку кызмат адамдарынын келгени анын бийлигин расмий таануу болуп эсептелет. Американын вице-президенти, бул жактан Борис Жонсон, Макрон сыяктуу мен-мен деген өлкөнүн башчылары келип кетти. Борбор Азиядан Мирзиеёв, Токаев, Бердымухамедов келди. Жапаровдун дагы келгени жакшы болду. Келип, көз көрсөтүп, таанышып кеткени жакшы иш болду.

- Эми эки өлкөнүн экономикалык алакасы канчалык реалдуу? Эмне байланыштырат?

Ажымурат Орозалиев.
Ажымурат Орозалиев.

- Мен университетте иштейм. Бизнес же саясий эксперт эмесмин. Бул жакта он жылдан ашык жашап, кыргыз ишкерлери жана жергиликтүүлөрдөн уккандарымды, тажрыйбамды айтып берсем. Эки өлкө ортосундагы мамиле жокко эсе болчу. 2015-жылы элчилик ачылгандан кийин кыйла жакшырды. Кыргызстанга бул жактан барган туристтер көбөйдү. Кыргызстандан бир нерсе ташыгандар башталды. Мисалы, кыргыз балы бул жакта сатылып жатат.

- Сөзүңүзгө аралжы, 2021-жылы расмий Абу-Даби менен Бишкектин ортосундагы соода жүгүртүү 47 млн. доллардай экен. Бул төмөн көрсөткүч эмеспи?

- Бул өлкөнүн потенциалын эске алганда океандагы тамчы. Бул жактагы ишкерлер Кыргызстанга 5-10 млн. долларга акча салганы барышпайт. Буларга пайда алып келе турган чоң-чоң долбоорду сунушташ керек. БАЭнин потенциалын Кыргызстан пайдаланбай жатат жана маани беришпейт. Кыргызстандыктар Дубайды эле элестетишет. Ал шаарга келип, бийик имараттарда сүрөткө түшүп кетишет. Дубай эмираттардын сырткы көрүнүшү, жарнама сыяктуу. Эмирликтин 90% мунайы борбору болгон Абу-Дабиге караштуу. Пандемияда Дубай аябай кыйналды. Абу-Даби эч нерсе болгон жок.

- Ошол сиз айткандай чоң долбоорду тартууга эмне тоскоол болуп жатат жана кайсы тармакка кызышат? Инвесторго кызык боло турган реалдуу кайсы тармак бар?

- Элчиликте төрт киши иштейт. Консул жарандардан колу бошобойт. Менин пикиримде элчиликке кесипкөй, реалдуу инвестиция менен иштеген өзүнчө адамды жөнөтүш керек. 3-4 киши натыйжалуу иштегенге жетишпейт. Туризмди эле алсак. Кыргызстанга акчалуу арабдар барат. Европадан келген саякатчылар акча көп таштабайт. Үнөмдүү жашап кетет. Беш европалык таштаган акчаны бир араб эле калтырып кетет. Ошондой эле Бишкекте да бир министрлик жооптуу болуп, инвестиция боюнча элчилик менен түз иштеп, президентке, өкмөт башчысына түз байланышып, маселелерди ыкчам чече турган болушу керек. Ошондо иш ордунан жылат, бат натыйжа берет.

- Чоң долбоор үчүн туризмден тышкары кайсы тармак реалдуу?

- Мен эки нерсени көрүп жатам. Энергетикалык тармакта иштесе болот. Бул жакта газ, күн, шамаалдан электр жарыгын алганга аракет кылышат. Өзбекстанга ушул тармакта инвестиция салышты. Буларда энергетикалык тармакта тажрыйба, акча, ишканалар бар. Болгону аларды Кыргызстанга тартып келүүнүн жолдорун билишибиз керек. Анан өлкөдөгү саясий стабилдүүлүк. Бул жакта бийлик улам-улам алмашпаган системаны жактырышат. Алмашкан күндө дагы долбоор улана бергидей кепилдик керек. Экинчиден айыл чарба азыктары жөнүндө долбоорго кызыгышат. Булар азык-түлүк коопсуздугуна аябай көңүл бөлүшөт. Бирок, Кыргызстанда жетиштүү көлөм чыгарууда көйгөй жаралат. Азыркы фермерлерди ирилештирүү жүрүп жатканын колдойм. Кыргызстандагы бир жиберген азык-түлүк көлөмү бул жакта бир күндө түгөнөт.

- Учурда Кыргызстанда миграция күч алып турат. БАЭде канча кыргызстандык бар жана алардын абалы, шарты кандай?

- Абу-Дабиде 300дөй, Дубайда 3000 расмий катталган кыргыз бар. Жалпы баарын кошкондо беш миңдей кыргыздар жашайт. Көбүнчөсү кызмат көрсөтүү тармагында эмгектенишет. Мигранттарга шарт аябай жакшы. Биринчиден, доллар менен төлөшөт. Акча түшүп кетти деп маселе болбойт. Экинчиден, эмгек мыйзамдары так сакталган. Эч ким сени басынтып, ашыкча иштетпейт. Ашыкча иштегениң үчүн акы аласың. Коопсуз өлкө.

- Мигранттарга кандай талап бар?

- Болгон талап кызмат көрсөтүүдө англис тилин билишиң керек. Кыргыздар англис тилин үйрөнүү татаал деп ойлошот. Дүйнөдө англис тилин үйрөткөн эң арзан өлкө Кыргызстан. Бул жакта айына 300 доллар. Кыргызстанда бир телефондун баасына англис тилин үйрөнсөң болот. Менин күйөө балам нөлдөн баштап тогуз айда үйрөндү. Азыр бул жакта иштеп жатат.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG