Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Кескелдирик куйругун кантип кесерин иликтеген Ажымурат


Абу-Дабидеги Нью-Йорк университетинин изилдөөчү инженери Ажымурат Орозалиев.
Абу-Дабидеги Нью-Йорк университетинин изилдөөчү инженери Ажымурат Орозалиев.

17-февралда дүйнөлүк абройлуу Science илимий басылмасына кескелдирик куйругун кантип кесип жиберерин түшүндүргөн илимий иш жарыяланды. Абу-Дабидеги Нью-Йорк университетинин окумуштуулары жасаган бул изилдөө жөнүндө New York Times баш болгон бир канча маалымат каражаттары да жазды.

Эл аралык илимий чөйрөдө кызыгуу жараткан эмгектин авторлорунун арасында аталган университеттин изилдөөчү инженери, 33 жаштагы кыргызстандык Ажымурат Орозалиев дагы бар. Ал “Азаттыкка” бул илимий эмгек тууралуу маек курду.

- Ажымурат мырза, алгач сизди илимий ийгилигиңиз менен куттуктайбыз. Өзүңүз менен жакындан таанышсак...

- Чоң рахмат. Мен жети жылдан бери Нью-Йорк университетинин Абу-Дабидеги кампусунда изилдөөчү инженер болуп эмгектенем. Бишкектеги Ала-Тоо университетинде беш жыл окугандан кийин бул жакка магистратурага тапшыргам. Аны аяктагандан кийин жумушка чакырылып, ошол бойдон калып калгам.

- Сиздин башка окумуштуулар менен жасаган илимий иш “Кескелдириктин куйругунун аутотомиясынын сынышынын биомиметикалык модели” деп аталат экен. Илимден алыс окурмандар үчүн жөнөкөй тил менен түшүндүрсөк, бул изилдөө эмне жөнүндө?

- Бул илимий иш идея катары жаралып, Science журналына чыкканга чейин алты жыл убакыт кетти. Анын үстүнөн беш окумуштуу иштедик. Бул темага бизди ынтызарлык алып келди десем болот.

Кескелдирик үчүн жөн эле чуркап жүргөн учурда куйрукту денеден бөлүп жиберүү оор, башкача айтканда аркадан тартып ал куйрукту жулуп алуу кыйын. Бирок качан гана жырткыч кол салмак болгондо, кескелдирик куйругун заматта денесинен ажыратат. Негизи жулуп алышы кыйын болгон куйрук оңой-олтоң үзүлбөш керек эле да. Изилдөөнү кызыктуу кылган парадоксу ушунда: кантип куйрук бир эле учурда бекем да, ажыраганга ийкемдүү да болот? Ушуну изилдеп, түшүндүрүүгө аракет кылдык.

Биз куйругун кескен жандыктын баарын эле кескелдирик деп коёбуз. Бирок анын түрү көп. Абу-Даби дагы чөлдө жайгашкандыктан, бул жерде аларды көп кездештирүүгө болот. Биздин эле кампустун аймагында да көп жүрүшөт. Ошентип, кампустун ичинен эле кескелдириктерди кармап, атайын бир секундда бир канча миң кадр тарта ала турган камерага (high-speed camera) тартып көрдүк. Тартылган кадрларды карап чыгып, кескелдирик куйругун жөн эле денесинен бөлүп салбай, аны бурап, башкача кесерин көрдүк. Андан соң куйрукту нано өлчөмдө кароого мүмкүнчүлүк берген электрондук микроскоптон карадык. Куйрук чачтын калыңдыгындай ичке таякчалардан турат экен. Дагы чоңойтуп, ал таякчалардын башында суу толуп турган нано кудуктар болорун көрдүк. Дал ушул нано кудуктары бар микро таякчалардын жайгашуусу куйруктун бир эле заматта бекем жана керек болгон учурда оңой үзүлүшүн шарттайт. Биз ушул түзүлүштүн биомиметикалык моделин түзүп, эксперименттер жана компьютердик эсептөө моделдери аркылуу далилдеп бердик.

- Бул изилдөө ишинин уникалдуулугу эмнеде? Илим үчүн баасы канчалык? Бул изилдөө илимге эмне берет?

- Убагында Аристотел да кескелдириктин куйругун кесип ташташы жөнүндө айткан экен. Адамдар кескелдирик куйругун кесип жибере аларын билгенине 2000 жыл болсо да, анын механизми али күнчө түшүндүрүлгөн эмес. Илимдин максаты – болуп жаткан кубулуштарды түшүндүрүү, айлана-чөйрөнү түшүнүү да. Азыркы илимий прогресстин башы барып жөнөкөй эле адамдын кызыгуусуна, ынтызарлыгына такалат. Кызыгуу бизди отту башкарып, темирди эритип, космоско учуубузга алып барды. Биздин ишибиз да ошол кызыгуудан башталды. Биздин кызыгуубуз жогоруда айтылган парадоксту чечти деп ойлойбуз. Муну эми ар кандай тармактарда колдонсо болот. Азыр, мисалы, жасалма тери жасоо технологиясы өнүгүп жатат. Кан басымдын, организмдеги канттын, гемоглобиндин, кычкылтектин деңгээлин көрсөтүп турган териге чапталчу сенсорлор жасалып жатат. Аларды өнүктүрүүдө биздин изилдөө жардамга келет.

- Изилдөөнү сиз жалгыз кылган эмессиз, сизден тышкары дагы төрт окумуштуунун аты аталды. Кесиптештериңиз жөнүндө айтып берсеңиз?

- Илимий журналда мен авторлош катары көрсөтүлгөм. Башкы автор индиялык Навжит Бабан аттуу аспирант жигит. Тобубуздагы ар бир окумуштуунун өзүнүн милдети болду. Долбоорду лабораториябыздын башчысы кореялык профессор Йоң-Aк Соң жетектеп турду. Германиялык башка кесиптешибиз кескелдириктин биологиялык түзүлүшү боюнча кеңешчинин милдетин аткарды. Америкалык дагы бир илимпоз математикалык моделди компьютерге салып, эсептөө иштерин жасады. Мен инженериялык бөлүгү үчүн жооп бердим. Жанагы айткан кескелдириктин куйругунун биомиметикалык моделин, тактап айтканда нанокудуктары бар микротаякчаларды жасап, эксперименттерге даярдоо менин милдетим болду. Бул үчүн абасы ооруканадагы операция бөлмөсүнөн 1000 эсе таза болгон атайын лабораторияларда иштедик.

Ажымурат Орозалиев.
Ажымурат Орозалиев.

- Эмне үчүн ушул тармакка, ушул темага кайрылууну чечтиңиздер?

- XX кылым физиканын кылымы болду. Электр энергиясы өнүктү, ал ар бир үйгө жетти. Анын арты менен атомду бөлгөнгө чейин жетиштик. XXI кылымда компьютерлештик. Байланыш өнүктү. Бир адамдын өмүрү жетпеген чоң математикалык моделдер 1-2 күндө чыгарылган деңгээлге жеттик. Эми болсо инженерия менен биология биригип отурат. Максат – оорулардын алдын алуу, ооруларды жеңүү, адамдын өмүрүн узартуу, медицинаны өнүктүрүү. Биз дал ушул инженерия менен биологиянын бириккен жеринде иш кылабыз. Илимий суроого жооп издеп жатканда моделдик организмдер колдонулат. Ал шимпанзе, чычкан же башка микроорганизмдер болушу мүмкүн. Биз сөөлжанга окшош микроорганизмдерди моделдик организм катары колдонуп, ар кандай биологиялык процесстерди, ооруларды изилдейбиз. Кескелдирикке токтолгонубуздун себеби, жогоруда айткандай, ал бул жерде көп. Анын үстүнө, кескелдирик мага бала кезден тааныш. Жайлоодо “Куйругуңду кес!” деп артынан эле чуркап жүрчүбүз. Андыктан, бул тема мага да бейтааныш болгон жок.

Маектин аудиоверсиясын бул жерден угуңуз:

- Science илимий журналына бардык эле илимий иштер жарыялана бербейт эмеспи. Бул сиздер үчүн күтүлгөн эле нерсе беле?

- Чет өлкөдө илимий ишти жарыялоо бир канча баскычтан турат. Ишиңди жибере койсоң эле, дароо чыгып калбайт. Алгач илимий иш журналдын редакторуна түшөт. Адатта, ал дагы өз тармагындагы адис болот. Эгер анын сынынан өтсө, рецензиялоого жиберет. Бул илимий ишти ошол тармактын алдыңкы адистерине, “дөө-шааларына” жөнөтөт дегендик. Ошол эле учурда кимдерге жиберилгени бизге, ал эми аларга биз жөнүндө эч нерсе айтылбайт. Биз илимий ишибизди былтыр жайында жибергенбиз. Көп өтпөй рецензиялоо үчүн 2-3 адиске жиберилгенин айтышты. Рецензиялоо дыкат окууну талап кылгандыктан, 1-2 ай күттүк. Анан ар биринен жооп келди. Ар бири “ишиңердин бул жери чала”, “бул жерине ынанган жокмун”, “муну эске алган эмессиңер”, “ушуларды карап көрүп, кайра жибергиле” деп узун пикирлерин жиберишет. Аларды эске алып кайра иштеп чыктык. Бирок өзүбүздүн ишибизден көп алыстаган жокпуз. Илимде жасаган эксперимент жөнүндө деталдуу жазып чыгуу керек. Кандай шартта жасаганыңды, кайсы жабдыкты колдонгонуңду да кошо көрсөтүшүң керек болот. Бир аппарат илим коомчулугунда көп пайдаланылса, ага да ишеним жаралат. Айтор, баш-аягы алты ай дегенде журналга чыгуу мүмкүнчүлүгүн алдык.

- Алдыда сизден дагы кандай ачылыштарды күтүшүбүз керек?

- Бул окуя бизге чоң күч берди. Өзүбүзгө ишеним жаралды. Мындан башка да долбоорлорубуз бар. Science болбосо да, башка рецензияланган журналдарга иштерибиз жарыяланып жатат. Ооруларды алдын ала же тез аныктоо боюнча иштерибиз бар. Мисалы, азыр COVID-19 оорусун аныктоодо ПЧРге окшош, бирок андан кыйла тез жана арзаныраак аныктай турган технологияны иштеп чыгып жатабыз. Азыр изилдөөнүн акыркы баскычтарында турабыз. Ошону эле башка оорулар үчүн да колдонсо болот. Башка дагы көп долбоорлорубуз бар. Эми алардын жыйынтыгын көрө жатарбыз.

- Ажымурат мырза, маегиңиз үчүн чоң рахмат!

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG