Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Тик-Ток нерв оорусуна себепкерби?


Словакияда жасалган учуучу автоунаа расмий каттоодон өттү. Өспүрүм кыздардын көзү же бети тартылып жатканына TikTok себеп болушу мүмкүн. Робот чочкого өз алдынча операция жасады. “Азаттыкта” “Илим жаңылыктары” түрмөгү.

Учкан унаа расмий катталды

Словакиялык Klein Vision компаниясы өндүргөн алгачкы AirCar аэроунаасы учууга жөндөмдүү экенин тастыктаган расмий сертификациядан өттү. Компаниянын жетекчилиги билдиргендей, Евробиримдиктин улуттук транспорттук башкармалыгы берген уруксат эми учуучу унааларды массалык түрдө өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Бирок компания бул ишке шашылбай турганын айтып, алар AirCar аэроунааларынын жаңы муунун жасап, аны да расмий тастыктоодон өткөрүүгө аракет кылышарын билдиришти.

AirCar 2 адамды же 200 килограмм салмакты көтөрө алат. Жерден 2,5 миң метр бийиктикке көтөрүлүп, ылдамдыгы саатына 170 чакырымга жетет. Сертификат алуу үчүн аэромобиль Европанын авиациялык коопсуздук агентствосунун талаптарына ылайык, сыноодон өткөн. Аны 70 саат бою текшеришип, 200дөн көп ирет асманга учурушкан.

Кызыгы, AirCar универсалдуу техника. Атап айтканда, ал жерде да кадимки унаа сыяктуу эле жүрө алат. Эки капталындагы канаттары жыйналат. Ага BMWнын 1,6 литрлик бензин кыймылдаткычы коюлган. Аталган гибриддик транспортту жасоого Klein Vision компаниясы эки жыл убакыт короткон.

Булак: Klein Vision

TikTok өспүрүмдөрдүн нерв оорусуна себепкерби?

Американын, Австралиянын жана Британиянын дарыгерлери сейрек кездешүүчү феноменге дуушар болушту. Аталган өлкөлөрдө пандемия башталгандан бери нерв титиригине (нервный тик) даттанып ооруканага кайрылган 12 жаштан 25 жашка чейинки кыздардын саны кескин көбөйгөн.

Мисалы, Огайо штатындагы Цинциннати балдар ооруканасынын неврологу Дональд Гилберт 2020-жылдын март айынан бери көзү же бети тартып кайрылган 10 чакты бейтапты кабыл алганын билдирген. Пандемияга чейин мындай арыздануу менен айына бир гана бейтап кайрылчу. Башка медициналык жайлар дагы мындай кескин өзгөрүүнү байкашкан.

Башында дарыгерлер бул жагдайды түшүнө алышкан эмес. Адатта балдарда көп кездешүүчү нерв титиреги кыздарда кокусунан өрчүп кеткени аларды бушайман кылган. Бир канча айга созулган текшерүүлөр, анализдерден кийин дарыгерлер кайрылган кыздардын көбүнө мүнөздүү белгини аныкташкан. Ал TikTok социалдык желеси болуп чыкты. Аталган социалдык тармактагы белгилүү адамдар #тик жана #туретт хештегтери аркылуу Туретт синдрому жөнүндө айтып берип, көзү же бети тартылып жатканын челлендж катары көрсөтүшөт.

Туретт синдрому – нерв системасынын бузулуп, ар кайсы дене бөлүктөрүнүн өзүнөн-өзү тартылышы.

Британиянын дарыгерлери бул көрүнүштү изилдеп отуруп, #tourettes хештеги менен жарыяланган видео январда 1,25 миллиард жолу көрүлгөнүн, андан бери бул сан 4,8 миллиардка өскөнүн эсептешти. Ал эми TikTok түйүнүнүн өкүлү “Колдонуучуларыбыздын коопсуздугу биз үчүн маанилүү. Андыктан, бул тажрыйбаны тармактык эксперттер менен талдайбыз” деп билдирүү таратты.

Дарыгерлердин арасында TikTok социалдык тармагындагы видеолорду бир беткей күнөөлөй берүүнү туура көрбөгөндөр да бар. Эми бейтаптарга атайын терапиядан өтүү сунушталды.

Булак: The Wall Street Journal

Робот өз алдынча операция жасады

Жон Хопкинс университетинин адистери жасаган робот чочконун ичегисине өз алдынча операция жасады. Бул жөнүндө Science Robotics илимий журналына шилтеме жасоо менен The Guardian басылмасы билдирди. Адистердин айтымында, киши такыр катышпаган бул операцияда робот адамдардан да жакшы натыйжа көрсөтө алган.
Роботтор буга чейин дагы хирургияда колдонулуп келген. Бирок алардын иши адамдан көз каранды болгон. Бул ирет окумуштуулар өз алдынча иштей алган робот жасоону максат кылышкан.

Түзүүчүлөр автономдуу роботу – “бул адамдын катышуусусуз хирургиялык операцияларды пландап, адаптациялап жана аткарган роботтук система” – деп түшүндүрүшөт. Айрым хирургиялык шаймандарды роботко ылайыктуу кылып жасап берүүгө туура келген. Натыйжада, робот чочконун ичегилерин бириктирип, лапароскоптук операция жасай алды.

Албетте, жакынкы келечекте роботтор хирургияда бир гана жардам берүүчү ролду ойношот. Бирок изилдөө роботторго кыйла оор иштерди тапшыруу мүмкүн экенин көрсөттү. Окумуштуулар оор шартта, мисалы, ооруканага бараткан жолдо операция жасоону роботторго ишенип тапшырууну сунушташты.

Булак: The Guardian

Илим дүйнөсү: Робот өз алдынча операция жасады
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:16 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG