Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:38

Динозаврдын эмбриону табылды


Кытайда табылган динозаврдын эмбриону илим дүйнөсүндө узап бараткан жумадагы эң кызыктуу жаңылыктардын бири болуп калды.

Европадагы ири токойду кимдер жок кылган? НАСАнын атайын миссиясы күндү изилдөөдө чоң секирик жасады. Кытайда динозаврдын эмбриону табылды. Акыркы аптадагы илим жаңылыктарынын топтомун сунуштайбыз.

Неандерталдар жаратылышты кантип өзгөрткөн?

Мындан 10 миң жыл мурда жашаган адамдар бак-дарактарды кыюу менен түздүктөрдү кеңейткени белгилүү. Бирок, Нидерланддагы Лейден университетинин археологдору жүргүзгөн изилдөө токойлорду кыюу аёосуз болгонун көрсөттү.

Археологдордун айтымында, 125 миң жыл мурун азыркы Нидерланддан Польшага чейинки аймак чытырман токой болгон. Токойду жаныбарлардын байыркы түрлөрү байырлаган.

Изилдөөгө ишенсек, неандерталдардын изи ушул аймактагы жерлерден көп табылган жана ал жерлер мурдагы токойдун орду болгон. Германиянын Ноймарк-Норд аймагында жүргүзүлгөн археологиялык казуу учурунда бир гана неандерталдыктардын издери эмес, жаныбарлардын калдыктары, ар кандай таш куралдар жана көп көлөмдөгү жыгач көмүр табылган. “Ашыкча бак-дарактардан жерди тазалап, жашоого ыңгайлуу жерлерге ээ болуу үчүн неандерталдар токойлорду өрттөшкөн” деп айтылат изилдөөдө.

Токойлорду жок кылуу жаратылышка болуп көрбөгөндөй таасирин тийгизип, натыйжада азыркы Европанын аймагынын ландшафты өзгөрүүгө дуушар болгон. Токойлорду өрттөп, түздүктөргө ээ болуу Австралияда мындан 40 миң, Жаңы Гвинеяда 45 миң жана Борнеодо 50 миң жыл мурда болгону буга чейин белгилүү болчу. Ал эми адамдар отту турмушта байма-бай колдонууну 400 миң жыл мурда башташкан. Ноймарк-Норддогу жаңы табылга “адамдар качантан баштап жаратылышка таасир эте баштаган?” деген талаштуу суроону кайра жандантты. Илимде ал доорду антропоцен деп аташканы менен, ал доор качан башталганы, анын тамыры таш дооруна барып такалып же такалбашы али белгисиз.

Булак: Science News

Күн жөнүндө илимдеги чоң секирик

NASAнын атайын Күндүн атмосферасын изилдөө боюнча Parker Solar Probe миссиясы күндү изилдөөдө чоң секирик жасады. Аталган миссиянын алкагында 2018-жылы күнгө максималдуу түрдө жакындай ала турган атайын зонд даярдалган болчу. Зонд күндүн табынан коргоочу атайын жабдыктар, камера, жана күндүн магниттик талаасын өлчөй турган приборлор менен жабдылган. Дал ушул зонд күндүн атмосферасынын жогорку катмарынын үстүнөн учуп, күн материясы жөнүндө маалымат бере алды. Ошентип, космостук изилдөөнүн тарыхында биринчи жолу адамдар жасаган аппарат күнгө болуп көрбөгөндөй жакындай алды. Бул жөнүндө НАСАнын геофизикалык илимдер бөлүмүнүн башчысы Никола Фокс 14-декабрда билдирди.

“Адамзат күнгө кол тийгизди” деди ал өз сөзүндө. Эми зонд чогулткан маалымат күн кантип ысышын, күн шамалдары кайдан келерин түшүнүүгө жардам берет.

“Биздин ачылыш күн жөнүндө илимдеги чоң секирик. Айга жетүү менен биз күндүн пайда болушун билгенбиз. Эми анын өзүнө жетип отурабыз. Күндү түзүп турган материяга жетүү ал жөнүндө баалуу маалыматтарга жол ачат. Ал аркылуу биз ааламдагы башка жылдыздарды изилдей алабыз”, - деди НАСА уюмунун илимий миссияларынын жетекчиси Томас Цурбухен.

Зонд жалпысынан 5 саат бою күндүн атмосферасынын жогорку катмарында кармалып турган. Күндүн бул катмарында температура 500 миң градуска жетет. Parker зонду күн бетинен 6 млн. чакырым аралыкка чейин жакындай берүүнү улантат. Кийинки жакын учуу келерки жылдын январь айына белгиленди.

Булак: Science News

Динозаврдын эмбриону табылды

Кытайда табылган динозаврдын эмбриону илим дүйнөсүндө узап бараткан жумадагы эң кызыктуу жаңылыктардын бири болуп калды. Кытайдын түштүгүндөгү Ганьчжоу тоолорунан табылган эмбрионго окумуштуулар "Инлян" деген ат беришти. Инлян овирапторозаврлардын түрүнө таандык экенин жана кеминде 66 миллион жыл мурун жашаганын аныкташты. Ошондой эле, анын жумурткадан жетилип чыгышына аз эле калганы да белгилүү болду.

Бирмингем университетинин изилдөөчүсү Фион Вайсум Манын айтымында, динозаврдын эмбрионунун калдыгы сейрек кездешүүчү табылга. Алардын көбү толук эмес же бузулган абалда табылат. Ал эми Инлян мыкты сакталган. Эми ал динозаврлардын жетилиши жана көбөйүшүнө байланыштуу бир топ суроолорго жооп берүүгө жардам берет.

27 сантиметрлик эмбрион 17 сантиметрлик жумуртканын ичинде жатат. Анын жумурткадагы жайгашуусу да уникалдуу. Анын башы денесинен ылдый карап, буттары эки жакка сунулуп, аркасы жумуртканын формасына ылайык ийилип турат. Мындай жайгашуу буга чейин илимге белгилүү динозаврлардын түрүнө мүнөздүү эмес. Ал азыркы куштардын эмбрионуна окшош. Андыктан, окумуштуулар азыркы куштарда кездешүүчү көрүнүштөр эң алгач алардын “динозавр ата-бабаларында” калыптанган деген тыянакка келишти. Табылган эмбриондун азыркы канаттуулар менен байланышын изилдөө мындан ары да уланат.

Булак: Phys.org

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG