Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 17:12

Улгайган жубайлардын жүрөгү бирдей согот


Иллюстрация сүрөт.

Адам күнүнө микропластиктин 7000ге чейин бөлүкчөлөрү менен дем алат. Көп жыл бирге өмүр сүргөн адамдардын жүрөгү бирдей согот. Сингапурдун окумуштуулары ачык жаралардагы инфекцияны аныктоочу сенсорду ойлоп чыгышты.

Адам микропластиктин 7000 бөлүкчөсүн дем алат

Адам пластиктин майда бөлүкчөлөрү менен дем алары буга чейин белгилүү болчу. Бирок Good Morning Britain программасынын изилдөөсү анын көлөмүн эсептей алды. Ага ылайык, адам дем алган микропластиктин бөлүкчөлөрү мурда божомолдонгондон 100 эсе көп экендиги аныкталды. Тактап айтканда, биз күнүнө микропластиктин 7000ге чейин бөлүкчөлөрү менен дем алабыз. Анын көбү кийим-кечеден бөлүнүп чыгат жана ден соолукка зыяндуулугу тамекидей эле экендиги белгилүү болду.

Бул изилдөөнү жүргүзүүдө кадимки чачтын ондон бир бөлүгүндөй болгон майда бөлүкчөлөрдү эсептей алган атайын жабдык колдонулду. Эң көп микропластик бөлүкчөлөрү сегиз жашар кыздын бөлмөсүнөн табылган. Анын бөлмөсүндөгү төшөктөр, килем, оюнчуктар синтетикалык материалдардан жасалган эле. Портсмутск ооруканасынын (Portsmouth Hospitals Trust) респиратордук оорулар боюнча адиси, профессор Ануп Чаухан микропластик бузулбагандыктан, ден соолукка зыян экенин айтат. Адистин сөзүнө ишенсек, денедеги микропластик метаболизмдин бузулушуна алып келип, иммунитетти начарлатып, стресске себепчи болот. Ал түгүл, онкологиялык ооруларга алып келиши ыктымал.

Микропластиктин айлана-чөйрөгө гана эмес, адамдын ден соолугуна тийгизген таасири буга чейин да изилденген.

Канадалык изилдөөчүлөр 2019-жылы "адам жылына 74000ден 121000ге чейин микропластик бөлүкчөлөрү менен дем аларын" жарыялашкан. Ал эми желим бөтөлкөдөн суу ичкендер кошумча 90000 бөлүкчө менен дем алары аныкталган болчу. Жаңы изилдөө үй сыртындагы гана эмес, үй ичиндеги коркунучтарга көңүл бурууга чакырганы менен айырмаланып турат. Изилдөөчүлөр алардын бул жарыясы көптөр үчүн пластикти колдонууну азайтууга же андан такыр эле баш тартууга себепчи боло алат деп ишенишет.

Булак: Daily Mail

Улгайган жуптардын жүрөгү бирдей согот

Жубайлар улам улгайган сайын алардын өз ара байланышы бекемделип отурат. Жашы өткөн сайын алар бири-биринин физикалык жана эмоционалдык колдоосуна айланат. Көп жылдык мамилелер ден соолукка чоң таасирин тийгизет. Иллинойс университети жубайлар арасындагы мамиленин ыргагын жакындык аркылуу изилдөөгө алып көргөн. Аталган университеттин жаңы изилдөөсү көрсөткөндөй, жубайлар бири-бирине жакын турганда, жүрөктөрүнүн кагышы бирдей ыргакка түшөт.

Мындай кызыктуу изилдөөнү жүргүзүү үчүн аталган университеттин изилдөөчүлөрү 14 жылдан 65 жылга чейин бирге өмүр сүргөн 64 жаштан 88 жашка чейинки 10 жупту тандап алышкан. Изилдөөчүлөр аларга эки жума бою байкоо жүргүзүп, жуптар бирге болгон учурларда жүрөктөрүнүн согушун изилдеп турушкан. Бул үчүн катышуучулар жүрөктүн согушун эсептеген атайын билерик тагып жүрүшкөн. Андан тышкары, жуптар бири-бирине жакындаганын билдирип турган атайын түзүм орнотулган.

Изилдөө кызыктуу жыйынтык берди. Ага ылайык, жуптардын бири көзөмөлдөөчү болору белгилүү болду. Тактап айтканда, жубайлардын биринин жүрөк согушу экинчисинин жүрөк согушуна ылайыкташат. Азырынча жүрөк ыргагынын бирдей болушу жуптардын жүрүм-турумуна, физиологиясына кандай таасир этери анык эмес. Ошентсе да, бул изилдөө көп жыл бирге өмүр сүргөн адамдардын ортосунда кандай бекем байланыш түзүлөрүн көрсөтө алды.

Булак: Neuroscience News

Инфекцияны аныктаган сенсор жасалды

Сингапурдун окумуштуулары ачык жаралардагы инфекцияны аныктоочу сенсорду ойлоп чыгышты. Ал гелдин негизинде иштейт. Жаңы уникалдуу ойлоп табуу жөнүндө макала Science Advances журналына жарыяланды.

Ачык жараларга инфекция киргизип алган учурлар кеңири кездешет. Инфекциянын жайылышын алдын алууда жара болгон жерди тазалоо, лабораториялык анализ жүргүзүү, эң оор учурларда ампутациялоо керектелет. Бул ыкмалар убакытты жана кошумча аракеттерди талап кылат. Ошондой эле, инфекцияны мындай жол менен аныктоо субъективдүү болуп эсептелет.

Бул көйгөйдү чечүү үчүн Сингапур улуттук университетинин окумуштуулар тобу ДНК-гидрогелге негизделген WINDOW деп аталган сенсорду ойлоп табышты. Аталган сенсор ооруткуч бактериялар көп бөлүп чыгарган ферментти (дезоксирибонуклеаза) таба алат. Тактап айтканда, сенсор инфекциянын индикатору катары иштейт.

Учурда WINDOW сенсорлору 18 адамга жана 6 лабораториялык чычканга орнотулуп, тесттен өткөрүлдү. Натыйжада, сенсор 24 саат ичинде, көзгө байкала баштаганга чейинки баскычтагы инфекцияны аныктай алды. Учурда WINDOW сенсору өнүгүүнүн башталгыч баскычында турат. Окумуштуулар тестирлөөнү ар кандай бактериялар менен инфекцияланган бейтаптардын тобуна жүргүзүп, мындан ары өнүктүрүүгө белсенип турушат.

Булак: Scientific American

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG