Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:41

Орусиянын дүйнөлүк эки уюмдан чыгуу сунушу талкууланат


Мамлекеттик дума.
Мамлекеттик дума.

Орусиянын Мамлекеттик думасы Тышкы иштер министрлигинин Дүйнөлүк соода уюмунан жана Дүйнөлүк саламаттык уюмунан чыгуу тууралуу сунушун талкуулайт. Бул тууралуу Орусиянын “Парламенттик газета” басылмасы билдирди.

Анда жазылгандай, Думанын вице-спикери Петр Толстой Орусиянын бул уюмдардагы катышуусун жакшы тажрыйба деп атап, өлкө Европа Кеңешинен чыкканын, кезекте эми аталган эки уюм экенин, алар өз милдеттенмелерин аткарбай коюшканын белгиледи.

Орусиянын Дүйнөлүк соода уюмуна кирүү тууралуу сүйлөшүүлөрү 1993-2011-жылдары, жалпысынан 18 жыл жүргөн. Бул уюм дүйнөлүк экономиканы мамлекеттик тоскоолдуктарды төмөндөтүү аркылуу өнүктүрүү максатын көздөйт.

Ал эми Дүйнөлүк саламаттык уюму менен кызматташтык 1950-жылы башталган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG