Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:51

Ошто мас болуп көчөдө чуу салган милиция кызматтан алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Көчөдө мас болуп, киши менен урушкан видеосу Интернетке тараган Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери жумуштан алынды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясы билдирди.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнүн кызматкерине карата кызматтык иликтөө жүргөн. Ал “ички иштер органдарынын кызматкеринин кадыр-баркына доо кетирип, кызматтык тартипти одоно бузган” деген чечим менен 18-майда жумуштан алынды.

Маалымат боюнча, ал 17-майда нөөмөт бөлүмүндөгү кызматын аяктап, үйүнө бара жатып алкоголдук ичимдик ичип алганы жана кызматтык, коомдук тартипти бузгандыгы аныкталды.

Социалдык тармактарда тараган видеодо кызматтан алынган милиция кызматкери сөгүнүп, бир адам менен урушуп жатканын көрүүгө болот. Анын бул жүрүм-туруму коомчулуктун сынына кабылды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG