Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Улуттук университет депутат Исмаиловго диплом берилбегенин билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин ректору Канат Садыков Жогорку Кеңештин депутаты Фархат Исмаилов университетте окубаганын жана ага диплом берилбегенин билдирди. Бул тууралуу ал “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып айтты.

“Жасалма дипломду биз берген жокпуз. Ал эми аны жокко чыгаруу маселесин сот чечиши керек. Биз, ал (Фархат Исмаилов-ред.) биздин университетте окуган эмес деп маалымат берип атабыз. Ага диплом бербесек, кандай тиешебиз бар?”, - деди Садыков.

8-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Улуттук коопсуздук комитет (УКМК) “Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясынан депутат Фархат Исмаилов менен “Альянстын” депутаты Фарходбек Алимжановдун диплому жасалма экени тууралуу маалымат бергенин билдирген.

Жогорку Кеңештин сайтында Исмаилов Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин “Бухгалтердик эсеп жана аудит” факультетин 2000-жылы аяктаганы жазылган. Ал буга чейин диплому жасалма экенин четке каккан эле.

УКМК ушул тапта мамлекеттик кызматкерлердин, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын дипломдору менен жарандыгын текшерип жатат.

Атайын кызмат 14-мартта Жогорку Кеңештин төрт депутаты, парламенттин аппаратынын бир кызматкери, шаардык кеңештин үч депутаты, эки судья жасалма дипломго шек саналып жатканын билдирген. Тизмеде бир катар министрлик, мамлекеттик мекемелердин да кызматкерлери бар.

Кыргызстанда жогорку жетекчилердин жасалма документке байланыштуу буга чейин чыр-чатактар болгон. Айрым депутаттардын кош жарандуулугу аныкталып, мандатынан кол жууса, жасалма диплом алганы билинип калып, айып төккөндөр да катталган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG