Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:44

Төкмө акын Болот Назаровдун иши боюнча соттук угуу өттү


Болот Назаров Бишкектин Свердлов райондук сотунда. 18-май, 2022-жыл.
Болот Назаров Бишкектин Свердлов райондук сотунда. 18-май, 2022-жыл.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда 18-майда иликтөөчү журналист Болот Темиров менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровго козголгон кылмыш иши боюнча соттук угуу болду. Кийинки соттук отурум 20-майга дайындалды.

Бишкек шаардык милициясы Назаровго быйыл январь айында Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен иш козгогон.

Ушул эле берене менен Temirov LIVE каналынын негиздөөчүсү, журналист Болот Темировго да кылмыш иши ачылган.

Темиров менен Назаров 23-январга караган түнү кармалып, Ички иштер министрлигинде (ИИМ) ондогон медиа өкүлдөрү, жарандык активисттер каршылык акциясын өткөрүшкөн. Натыйжада экөө тең ошол эле күнү эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган.

Мунун алдында Болот Темировдун Temirov LIVE деп аталган YouTube каналы “Эки күндө 37 млн. сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы” деген темада иликтөө жарыялаган.

18-майда Бишкектин Свердлов райондук сотунда журналист Болот Темировго козголгон иштер боюнча да соттук угуу башталды. Ага жалпы төрт иш ачылып, бир өндүрүшкө бириктирилген. Темиров муну кесиптик ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөп келет.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК), Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналистке бут тозуу болуп жатканын четке каккан. Президенттин басма сөз кызматы бийлик иликтөөчү журналисттерге колдоо көрсөтөөрүн билдирген. (BTo/TSh)

XS
SM
MD
LG