Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:47

УКМК жасалма дипломдор тууралуу маалымат берди


УКМК.
УКМК.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жасалма дипломдорду берүүдөгү мыйзам бузулган учурлар тууралуу маалымат берди.

  • Мамлекеттик билим берүүдөгү талаптарды аткарбай чет өлкөдө жүрүп, сынактарга барбай эле билим берүү мыйзамдарын бузуп, жогорку билим жөнүндө диплом алган адамдар. УКМК буга “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан Жогорку Кеӊешке депутат болуп, диплом чырынан улам мандатынан ажыратылган Орозайым Нарматованы мисал кылды.
  • Жогорку окуу жайга баштапкы билими жөнүндө жасалма документ (орто билими жөнүндө аттестат, академиялык маалым кат ж.б.) тапшыргандар. Ал эми буга мисал катары, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеӊештин депутаттыгына талапкер Кыянбек Сатыбалдиевдин окуясын кошкон. Атайын кызмат ал жасалма документтердин негизинде Жалал-Абад экономика жана ишкердик университетине тапшырган деп шек саналып жатканын билдирди.
  • Ишке орношуу үчүн, ошондой эле тездетилген программа боюнча экинчи жогорку билим алуу максатында жогорку билим жөнүндө жасалма диплом колдонгондор. “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жолдошбек Осмонбекович Токсобаев жасалма дипломун колдонуу фактысын атаса болот”, - деп айтылат маалыматта.

УКМК билими жөнүндө жасалма документтерди даярдаганга катыштыгы бар окуу жайлардын кызматкерлерине юридикалык баа берилерин кошумчалады. Атайын кызмат териштирүү бүткөнгө чейин саясатчыларды дипломдорду текшерүүгө байланыштуу кандайдыр бир комментарий берүүдөн карманып турууга чакырды.

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан депутат Исхак Масалиев Орозайым Нарматованын мандаты негизсиз алынганын, Кыянбек Сатыбалдиев убагында Жалал-Абадда губернатор болуп, Жолдошбек Токсобаев судья болуп иштегенин айтты. Ал диплом текшерүү өнөктүгү саясатташып баратканын, текшерүү калыс жүрүшү керектигин айтты.

Атайын кызмат 14-мартта Жогорку Кеңештин төрт депутаты, парламенттин аппаратынын бир кызматкери, шаардык кеңештин үч депутаты, эки судья жасалма дипломго шек саналып жатканын билдирген. Тизмеде бир катар министрлик, мамлекеттик мекемелердин да кызматкерлери бар.

Парламентти 16-марттагы сессиясында диплому жасалма деген төрт депутатка байланыштуу УКМКнын маалыматын угуу сунушу берилген.

Кыргызстанда жогорку жетекчилердин жасалма документке байланыштуу буга чейин чыр-чатактар болгон. Айрым депутаттардын кош жарандуулугу аныкталып, мандатынан кол жууса, жасалма диплом алганы билинип калып, айып төккөндөр да катталган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG