Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Бейшеналиевдин ишине нааразылар аны кызматтан кетирүүнү талап кылды


Алымкадыр Бейшеналиев.
Алымкадыр Бейшеналиев.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин акыркы билдирүүлөрү менен ишине нааразы тараптар 18-мартта Бишкекте басма сөз жыйынын уюштурду. Алардын бири парламенттин мурдагы депутаты Галина Куликова Бейшеналиевдин окумуштуу-хирург, медицина илимдеринин доктору Эрнст Акрамовдун дарегине айткан сөздөрүн сындады.

“Бейшеналиев элдик дарыгерден кечирим деле сурабай эле койсун. Анын кечириминин кереги жок. Биз аны ээлеген кызматынан бошотууну талап кылабыз. Бейшеналиевге окшогон киши саламаттык сактоо министри боло албайт”, - деди Куликова.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 14-мартта Эрнст Акрамов жетектеген Чүй облустук ооруканасындагы калыбына келтирүүчү хирургия илимий институту жабылганын билдирген. Аны жетектеп келген 85 жаштагы Акрамов кызматтан алынганын, мекемеге жаңы башкы дарыгер дайындалганын кошумчалаган.

15-мартта Улуттук госпиталда травматология бөлүмүн ачып жатып, Акрамовду сындап, ал ооруканага атын берүүгө татыктуу эмес экенин айткан.

Ушундан кийин бир катар коомдук ишмерлер, илимпоздор, дарыгерлер жана искусство өкүлдөрү Эрнст Акрамовдун ар-намысын коргоо штабын түзүшкөн.

Эрнст Акрамов министр менен жеке тааныш эмес экенин, мурда аны менен иштешпегенин айткан.

Эрнст Акрамов Кыргыз Республикасынын Баатыры, белгилүү хирург, медицина илиминин доктору, профессор. Эл аралык бир катар сыйлыктарды алган. 1989-1992-жылдары СССРдин эл депутаты болгон. 2000-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып, бирок мандатынан баш тарткан.

2002-жылдан тартып, Саламаттык сактоо министрлигинин реконструкция-калыбына келтирүү хирургиясы илимий борборунун директору болуп эмгектенген. Кыргыз-орус славян университетинин госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору. 2007-жылы Жогорку Кеңештин 4-чакырылышына депутат болгон.

Жогорку Кеңештин 17-марттагы жыйынында айрым депутаттар Алымкадыр Бейшеналиевдин коомдук жайлардагы жүрүм-турумуна, башка кесиптештери тууралуу айткандарына өлкө жетекчилери реакция жасашы керек экенин айтышкан.

Бейшеналиев өзү саламаттык сактоо тармагында реформа жасап жатканын, ага айрым адамдар бут тосууга аракет кылып атканын айтып келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG