Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:37

"Президент реакция кылсын". Министрге чара көрүү талабы


Министр Алымкадыр Бейшеналиев жана академик Эрнст Акрамов. Коллаж.
Министр Алымкадыр Бейшеналиев жана академик Эрнст Акрамов. Коллаж.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттин жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин коомдук жайлардагы жүрүм-турумуна, башка кесиптештери тууралуу айткандарына өлкө жетекчилери реакция жасашы керек экенин айтты.

"Жарандар бийлик эмне кылып жатканын карап турат. Эгер бийлик өкүлдөрү кимдир бирөөгө каршы чыгып, белгилүү, урматтуу дарыгерди кемсинтүүгө барса, башкалар дагы ошондой кылат. Саламаттык сактоо министри чектен чыгып, өзүн адаттан тыш алып жүрсө, ага президент реакция кылыш керек. Болбосо президент дагы ошондой ойдо деп калышат", - деди эл өкүлү.

Ушул эле маселени депутат Кундузбек Сулайманов да көтөрдү.

Мунун алдында, 16-мартта Чүй облустук ооруканасында мурдагы саясатчылар, өнөрпоздор, дарыгерлерден турган топ хирург-академик Эрнист Акрамовдун кадыр-баркын коргоо боюнча атайын штаб түзүштү.

Алар саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди "улуттар аралык кастыкты козутту" деп сындап, ага тийиштүү чара көрүү талабы менен президентке, парламентке, Башкы прокуратурага жана акыйкатчыга кайрылышты.

15-мартта Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнүн оңдолгон имаратынын ачылышында министр Бейшеналиев белгилүү хирург, академик, Чүй облустук ооруканасынын курамындагы Кайра калыбына келтирүүчү хирургия борборунун түзүүчүсү Эрнст Акрамов тууралуу төмөндөгүдөй пикирин айткан:

"Ал кыргыздарды жек көрөт. Мен аны менен чогуу иштегем. Кыргыздын баатыры Миталип Мамытов өзүн кандай алып жүргөнүн билет. Кыргыздарды эл катары көрбөйт. Аны менен чогуу бир бөлүмдө иштегем, медайымдарды, дарыгерлерди шылдыңдачу".

Министрдин мындай билдирүүсүнөн кийин 16-мартта Чүй облустук ооруканасына коомдук ишмерлер, өнөр адамдары, саясатчылар жана дарыгерлер чогулду. Алар Акрамовдун ар-намысын коргоо штабын түзүштү. Президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, башкы прокурор, акыйкатчыга кайрылуу жолдоп, 85 жаштагы Акрамовго сый-урмат менен мамиле жасоону жана министр Бейшеналиевге "улут аралык кастыкты козутуп, кызматтык этиканы бузганына" байланыштуу чара көрүүнү талап кылышты.

Парламенттин мурдагы депутаты Галина Куликова министрдин бул айткандары өкмөттүн өзү үчүн опурталдуу деген пикирде:

"Эрнист Хашимовичти кыргыздарды жаман көргөн, аларга начар мамиле жасаган деп айыптоо - акылга сыйбайт! Канчалаган кыргыздар азыр Акрамовдун колун "өмүрүмдү сактап калган" деп өпкүлөгөнгө даяр турат? Министрдин бул кылганы - биздин өкмөткө коюлган жай жарыла турган мина. Эмне деген өкмөт? Бизди кимдер башкарып жатат? Каалаганын кылып, бардык мыйзамдарга, мамлекеттик кызматкердин этикасына кол шилтеп жаткан аткаминерди тыя турган эч ким жокпу?".

Алымкадыр Бейшеналиев 14-мартта Эрнст Акрамов жетектеген Чүй облустук ооруканасындагы калыбына келтирүүчү хирургия илимий институту жабылганын билдирген. Борборду жетектеген 85 жаштагы Акрамов кызматтан алынганын, мекемеге жаңы башкы дарыгер дайындалганын кошумчалаган.

Окумуштуу-дарыгер Камил Умаров министр жүргүзүп жаткан реформаларга нааразы болуп, Акрамовду коргоо штабына кошулду.

"Министр азыр кайсы реформаны жүргүзүп жатат? Мен такыр түшүнө албай жатам. Реформа деп травматология институтун талкалап койду. Эрнст Акрамов өмүр бою хирургияда иштеди, аны "үйү жок, ооруканада жатат" деп шылдыңдабасын, Бейшеналиев бул кишинин чыпалагына тең келе албайт. Себеби, Акрамовдун эмгеги элге сиңген. Маселен, ушул Чүй облустук ооруканасындагы реконструкциялык хирургия бөлүмү кичинекей эле бир бөлүм болчу. Азыр заңгыраган чоң комплекске айлантты".

"Хан сарайым жок"

Акрамовдун ооруканада жашаганы тууралуу министр Бейшеналиев 14-мартта айтып чыгып, "ошол жакта жашай берсин, үйү жок" деп билдирген. Бул маселе бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында да көтөрүлүп, депутат Исхак Масалиев ага батир берүүнү сунуштады.

85 жаштагы дарыгер өзүнүн айланасында болуп жаткан талкуудан кабардар эмес экен. Эки ирет жүрөк талмасы кармаган ардагерди кесиптештери аяп, министрдин чечимдери тууралуу айткан эмес.

Акрамов "Азаттыкка" өзүнүн батири бар экенин билдирип, бирок ооруканадан чыкпай иштөөсүнүн себебин айтып берди:

"Менин хан сарайларым жок. Менчик батирим бар, анда иним менен чогуу жашайм. Ар дайым анын жанында болушум керек. Себеби, ал биринчи топтогу майып. Өзүмдөн төрт жаш кичүү инимди көп жылдан бери багып келем. Ал эми ооруканада көп болушумдун себеби, хирургияда операция жасап чыгуу бир тең, андан кийин бат эле бейтаптын абалы начарлап кетиши мүмкүн. Ошого бейтаптарды жанынан чыкпай дарылоого аракет кылам".

Эрнст Акрамов.
Эрнст Акрамов.

"Азаттык" радиосу Акрамовду коргоо штабынын кайрылуусу боюнча комментарий сурап, президенттин басма сөз кызматына, Акыйкатчы институтуна жана Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго кайрылды.

Азырынча алардан жооп боло элек. Байсалов Твиттердеги баракчасына Акрамов менен сүйлөшкөнүн, ал үчүн тынчсызданууга негиз жок экенин жазды.

Эрнст Акрамов Кыргыз Республикасынын Баатыры, белгилүү хирург, медицина илиминин доктору, профессор. Эл аралык бир катар сыйлыктарды алган. 1989-1992-жылдары СССРдин эл депутаты болгон. 2000-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып, бирок мандатынан баш тарткан.

2002-жылдан тартып, Саламаттык сактоо министрлигинин реконструкция-калыбына келтирүү хирургиясы илимий борборунун директору болуп эмгектенген. Кыргыз-орус славян университетинин госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору. 2007-жылы Жогорку Кеңештин 4-чакырылышына депутат болуп шайланган.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG