Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:24

ИИМ: Кыргызстанда баңгизат саткан 30 онлайн-дүкөн жабылды


Бишкектеги баңгизатын жарнамалаган жазуулардын бири.
Бишкектеги баңгизатын жарнамалаган жазуулардын бири.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) интернет аркылуу баңгизат саткан 30 онлайн-дүкөндү жапты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, Darknet, ViPole, Telegram жана башка социалдык түйүндөрдө тыюу салынган заттарды саткандарга дайыма мониторинг жүргүзүлүп турат.

Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын аймактарына психотроптук заттарды жайылтуучу туруктуу баңгилик топтор кармалып, синтетикалык баңгизаттарды даярдоочу лабораториялар аныкталган. Жыйынтыгында 30 кг ашык баңги каражаттар жана психотпроптук заттар алынган.

“Азаттык” жакында эле Кыргызстанда баңгизаттын онлайн тарашын иликтеген. Иликтөөдө Телеграм каналдар аркылуу “мефедрон”, “спайстан” баштап героинге чейин сатылып жатканы айтылган. Дарыгерлер синтетикалык баңгизатты өспүрүм окуучулар көп колдоно баштаганын эскертип жатат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG