Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:46

COVID-19: бир адам каза болуп, 11 кишиден жаңы аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттыкты сактоо министрлиги соңку бир суткада Кыргызстанда коронавирус дагы 11 адамдан аныкталганын билдирди. Алардын эң көбү Бишкекте – алты киши. Чүй облусунда төрт, Ош облусунда бир бейтап. Калган аймактарда жаңы учурлар катталган жок.

Вирустан дагы бир бейтап каза болду. Ушуну менен өлкөдө пандемия башталгандан бери расмий эсепте COVID-19 жуккандардын саны 200 миңден ашты, 2977 адам каза болуп, 196 миңден көбү сакайып чыкты.

Ушул күндөрү 112 бейтап ооруканада, 97 адам үйүндө дарыланууда.

Бир сутка ичинде коронавирус жуккан медициналык кызматкерлер болгон жок. Жалпысынан өлкө боюнча COVID-19 диагнозу менен медкызматкерлер арасында 7747 учур катталды. Алардын ичинен 7579 дарыгер айыгып чыккан.

12-марттан тартып Кыргызстанда коомдук жайларда сөзсүз беткап тагынуу талабы дээрлик жоюлду. Мындай талап медицина мекемелеринен жана коомдук транспорттон башка жерлерде эми коюлбайт. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG