Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:43

Зеленский Орусиянын экономикасын колдоду деп Германияны айыптады


Орусиядан Европага көгүлтүр отун жеткирүүчү куурлар.
Орусиядан Европага көгүлтүр отун жеткирүүчү куурлар.

Украинанын президенти Владимир Зеленский немис Бундестагында видео байланыш аркылуу кайрылуу жасап, Орусиянын украин жергесине кол салуусунда жана миңдеген адамдын өлүмүндө Германиянын да жоопкерчилиги бар деди. Ал бир кезде Германиянын ортосуна тургузулуп, кийин бузулган дубалды эске салып, азыр Орусия Европа менен Украинанын ортосунда ошондой дубал куруп жатканын айтты.

“Биз силерге “Түндүк агым” линиялары – чоң согушка даярдык жана курал экенин айтканбыз, бирок анда "бул - экономика" деген жооп алганбыз. Экономика, бул деген жаңы дубалды тургузуу үчүн цемент болчу. Биз НАТОго кирүү үчүн Украина эмне кылыш керек деп сурадык. Анда бул боюнча "даяр чечим жок жана болбойт" деген жооп алдык. Азыр дагы Украинанын Евробиримдикке кирүүсү боюнча маселени кечеңдетип жатасыңар. Силер үчүн бул - саясат. А чынында бул - таш. Жаңы дубал тургузуу үчүн таштар. Биз агрессор силер күч экениңерди сезиш үчүн, превентивдүү санкцияларды салууңарды сураганыбызда аны да создуңар. Биз каршылыкты сездик. Биз силер Орусия менен соодалашууну улантууну каалап жатканыңарды түшүндүк”,- деди Зеленский 17-марттагы Бундестагдагы билдирүүсүндө.

Европа Биримдигиндеги алдыңкы экономикага ээ жана уюмдагы саясий лидерлердин бири саналган Германия көп убакыттан бери “Түндүк агым-2” газ куурун ишке салууга даярданып келген. Москва Донбасстагы жикчил “республикалардын” көз карандысыздыгын тааныгандан кийин Германиянын канцлери Олаф Шольц 22-февралда долбоордун сертификациясын убактылуу токтоткон.

Орусия газды Европага Украинанын аймагындагы куурлар жана Балтика деңизинин түбүндөгү “Түндүк агым” куурлары аркылуу алып өтчү. Киевге болгон көз карандылыкты жоюу үчүн Москва деңиз түбүнө экинчи линия катары “Түндүк агым-2” долбоорун курду. Анын курулушу 2021-жылы сентябрда бүткөн, 2022-жылы ишке берилиши керек эле. Учурда анын сапатын текшерүү үчүн сертификациялоо иштери жүрүп жаткан.

Долбоор Европанын экономикалык коопсуздугуна коркунуч келтирет жана Киевге басым кылууга жол ачат деген сынга кабылган. Москва мындай сындарды четке какса, Берлин долбоорго кызыкдарлыгын билдирип келген. Украина Батыш өлкөлөрүнүн Москвага каршы санкцияларынын алкагында “Түндүк агым” куурларын толук токтотууну талап кылган.

Орусиянын Украинага басып киришине байланыштуу АКШ, Канада, Улуу Британия орус мунайынан жана көмүрүнөн баш тарткан. Украина Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдү да ушундай аракеттерге барууга чакырууда. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG