Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:44

Тажикстан Тоолуу Бадахшанда "антитеррордук операция" башталганын жарыялады


Хорог. 17-май, 2022-жыл
Хорог. 17-май, 2022-жыл

Тажик бийлиги Тоолуу Бадахшан автоном облусунда "антитеррордук операция" башталганын жарыялады. Ички иштер министрлиги 18-майда кабарлагандай, Рушан районунда өкмөттүк аскерлер менен Хорогго карай жолду тороого аракет кылган жергиликтүү тургундар кагылыша кетти. Жабыркагандар тууралуу айтылган жок. Башка булактардын маалыматтарына караганда, бир нече киши жарадар болду.

Министрлик "17-майда уюшулган кылмыш тобунун мүчөлөрү коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүү максатында Дүйшөмбү-Кульма эл аралык автожолунун участогун мыйзамсыз бууп салышты" деп билдирди.

Мекеме ал окуяга чет өлкөлүк күчтөр аралашканын, курал-жарак сырт жактардагы уюмдардан алынганын, теракттарды, чагымчыл аракеттерди жасоо үчүн согушкерлер жалданганын кошумчалады. Ал кайсы уюмдар экени такталган жок.

Алдынкы күнү министрлик 16-майда облус борбору Хорогдо милицияга кол салгандардын бири, жергиликтүү тургун каза тапканын билдирген.

16-майда милиция шаар борборуна багыт алган жаштардын тобун токтотуу үчүн көздөн жаш чыгаруучу газ жана желим окторду колдонгону кабарланган.

Андан мурда, 14-майда Хорог шаарынын жүздөгөн тургундары митингге чыгып, Тоолуу Бадахшан автоном облусунун башчысы Алишер Мирзонаботтун жана шаардын мэри Ризо Назарзоданын отставкага кетишин, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну, Бадахшандын тургундарын куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан.

Автоном облустун бийлиги митингчилердин аймактын жетекчилерин кызматтан алууга байланыштуу талабын "мыйзамсыз" деп мүнөздөп, аны аткаруудан баш тарткан. Митингдин катышуучуларынын бири талаптар аткарылмайынча нааразылык акциялары улана берерин "Озоди" радиосуна айткан.

Өткөн айда Улуттар Уюмунун эксперттер тобу Тоолуу Бадахшан облусунда күчөп бараткан чыңалууга тынчсызданып, тажик бийлигин "Памирдеги азчылыкты" коргоого жана аймактагы адам укуктарын сактоого чакырган.

Аймакта интернет өчүрүлгөндүктөн маалымат алуу, кабарларды бышыктоо кыйын болуп жатат.

XS
SM
MD
LG