Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Тарых музейиндеги өрт боюнча маселени парламентте кароо сунушталды


Тарых музейи.
Тарых музейи.

Мамлекеттик тарых музейиндеги өрт кырсыгы боюнча маселе бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Депутат Дастан Бекешев бул тууралуу журналисттик иликтөө чыкканын, анда айтылгандар чын болсо тийиштүү кызматкерлер жоопко тартылышы керектигин айтты жана маселени парламенттик комитетте кароону сунуш кылды:

“Социалдык саясат комитети ошону караса, себеби Маданият министрлиги да, музей да так маалымат бербей жатат. Журналисттер бир топ буюм өрттөнгөнүн, алар өтө баалуу экенин, бирок коомчулукка билгизбей жатканын айтууда. Эгер ошол чын болсо тийиштүү адистерди жоопко тартуу керек, маалыматты жашырып жатышса, ачыкка чыгаруу зарыл”.

16-майда Kloop.kg сайты жана “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө” долбоору (OCCRP) аталган музейде 2016-жылы болгон өрт кырсыгына байланыштуу экинчи иликтөөсүн жарыялаган. Журналисттер музейдин жетекчилиги баалуулугу жок бир нече экспонат күйүп кеткенин айтканы менен алардын саны жүздөп саналарын аныктап чыгышкан. Иликтөөдө айтылгандай, 2021-жылы музейдин жертөлөсүнөн негизги жана көмөкчү фонддордун номурлары бар экспонаттар, документтер, сүрөттөр, китептер, плакаттар, килемдер табылган, “алардын баары күйгөн, күйүк жерлерин кыркып салышкан”. Атайын сандар менен белгиленген 350 экспонат жабыркаган же толук күйүп кеткен. Андан сырткары өрттөн дагы башка 600 буюмга зыян келтирилген.

Иликтөөчүлөрдүн жеке булагы музей жетекчилиги чындыкты жылдар бою жашырып келгенин айтып берген.

Журналисттер музейдин администрациясында иштеген бир канча адам менен байланышууга аракет кылган, бирок алар иликтөө чыгар алдында маалымат берүүгө үлгүрүшкөн эмес, же комментарий берүүдөн баш тартышкан. Маданият министрлиги да маалымат берген эмес.

2016-жылы оңдоо үчүн жабылып, коррупциялык талаштуу жагдайларга жана сот иштерине байланыштуу ачылбай турган музей былтыр ачылган.

2017-жылы өрт кырсыгы боюнча райондук милиция иш козгогон. Иликтөөнүн жүрүшү тууралуу ачык булактарда расмий маалымат жок. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG