Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:58

“Бириккен демократиялык кыймыл” Таласта облустук уюмун ачты


“Бириккен демократиялык кыймылдын” мүчөлөрү.
“Бириккен демократиялык кыймылдын” мүчөлөрү.

“Бириккен демократиялык кыймыл” оппозициялык бирикмеси Таласта облустук уюмун ачты. Бул тууралуу бирикменин мүчөсү, саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди.

Анын сөзүнө караганда, Таласта болгон жолугушууда өлкөдөгү саясий, экономикалык абал, Кумтөр алтын кени, чек ара маселеси жана тамак-аштын баасынын өсүшү талкууланды. “Бириккен демократиялык кыймыл” ушундай эле облустук уюмдарын башка да аймактарда ачууну пландап жатат.

Бул оппозициялык кыймыл быйыл март айында түзүлгөн. Уюм демократиялык институттарды жана баалуулуктарды калыбына келтирүү, адилеттүү укук системасын түзүү, кризиске каршы экономикалык программаны иштеп чыгуу жана жакырчылыкка каршы күрөш боюнча бийликке альтернативдүү сунуштарды берет.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов саясатчылар Равшан Жээнбеков, Бектур Асанов, Мамбетжунус Абылов, Кеңешбек Дүйшөбаев мүчө болгон кыймылды оппозициялык деп атоого болбой турганын билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG