Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:32

Мамдепартамент Украинадагы согуш кылмыштарын далилдеген фактыларды чогултат


Бучада табылган сөөктөр. 4-апрель, 2022-жыл.
Бучада табылган сөөктөр. 4-апрель, 2022-жыл.

АКШнын Мамлекеттик департаменти орус аскерлери Украинада жасаган согуш кылмыштарын, башка кыянат иштерин далилдеген фактыларды чогултуу жана анализдөө программасын баштады. Анын алкагында ачык булактардан алынган, анын ичинде спутниктен тартылган сүрөттөр, социалдык тармактарда жарыяланган далилдер документтештирилет, текшерилет жана таратылат. Алардын негизинде Орусияны жоопко тартуу максаты коюлуп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин 17-майдагы билдирүүсүндө айтылат.

Conflict Observatory деп аталган программа өз отчетторун жана талдоолорун сайтына чыгарып турмакчы. Мамдепартамент маалыматтар эл аралык укук стандарттарына ылайык анализденерин белгиледи.

Украина Орусиянын аскерлерин ырайымсыз аракеттерге айыптап, согуш кылмышы болушу ыктымал деген 10 миңдей учур катталганын билдирүүдө.

Москва карапайым элди бутага алганын танып, каршы тараптын далилдери чындыкка жатпайт деп айтып келатат.

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет өткөн аптада украин жергесинде согуш кылмыштары деп атоого мүмкүн болгон мисалдар көп экенин билдирген.

Эл аралык кылмыш соту дагы Украинанын, Литванын жана Польшанын прокурорлору менен орусиялык аскерлер айыпталып жаткан ыктымал согуш кылмыштарын тергөөнүн үстүнөн иштеп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG