Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:07

Бишкекте автобус-троллейбустардын жол акысы карта менен гана алына баштайт


Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, муниципалдык автобустар жана троллейбустар жол кирени банктык жана башка төлөм карталары менен гана ала баштайт.

1-июлдан тарта жол акысын накталай түрдө алуу токтоп, жүргүнчүлөр “Тулпар” жол акыларды төлөө картасы, NFC виртуалдык картасы, VISA, ЭЛКАРТ жана Тулпар, Balance мобилдик тиркемелери аркылуу төлөй алат.

Бишкекте коомдук транспортторго жол кирени карта менен төлөө 2020-жылы башталып, “Тулпар” системасы ишке кирген.

Бишкекте былтыркы эсеп боюнча 75 автобус, 120 троллейбус бар.

Муниципалдык транспорттон тышкары "Шыдыр жол" ишканасынын 14 автобусу каттамга чыгат. “Эко Эл ташуу” компаниясы 210 автобус алып келген. Булардан тышкары 600дөн ашуун кичи автобус эл ташыйт. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG