Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:00

Тоолуу Бадахшан автоном облусунда тогуз киши набыт болду


Хорог шаары. 16-май, 2022-жыл.
Хорог шаары. 16-май, 2022-жыл.

Тоолуу Бадахшан автономдуу облусундагы Рушан районунда сегиз киши набыт болду, 11 киши жараат алды жана 70тен ашууну кармалды. Бул тууралуу 18-майда Тажикстандын Ички иштер министрлиги кабарлады.

Министрлик каза тапкандарды "куралчан топтун мүчөлөрү" деп атады.

“Бир сыйра эскертүү берилгенине карабай кылмыштуу топтун мүчөлөрү куралдарын ыктыярдуу түрдө таштаган жок жана конституциялык түзүлүшкө каршы жүрүштөрүн улантып жатышты. Соңунда алар террордук мүнөздөгү аракеттерге өтүштү. Жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти сактоо максатында укук коргоо органдары антитеррордук операция баштады. Анын натыйжасында террордук топтун 8 жоочусу жок кылынды, 11и жарадар болуп, 70и кармалды. Жабыркагандар арасында жергиликтүү тургундар жок экенин белгилейбиз”, - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Бийлик бир офицер окко учканын, 13 аскер жараат алганын кошумчалады.

Аймак менен байланыш жок болгондуктан, маалыматты бышыктоо же чоо-жайын билүү мүмкүн эмес.

Байланыш үзүлө электе жергиликтүү тургундар Рушанда эч кандай куралчан топтор болбогонун, атышууда карапайым кишилер мерт кеткенин "Озоди" радиосуна билдиришкен. Алардын айрымдары атайын операциянын жүрүшүндө ондон ашык жергиликтүү тургун окко учканын, бир тобу жараат алганын айтып беришти.

Ушул эле күнү тажик Ички иштер министрлиги Тоолуу Бадахшанда "антитеррордук операция" башталганын жарыялаган.

"17-майда уюшулган кылмыш тобунун мүчөлөрү коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүү максатында Дүйшөмбү-Кулма эл аралык автожолунун участогун мыйзамсыз бууп салышты",- деп билдирген Ички иштер министрлиги.

Мекеме ал окуяга "чет өлкөлүк күчтөр аралашканын, курал-жарак сырт жактардагы уюмдардан алынганын, теракттарды, чагымчыл аракеттерди жасоо үчүн согушкерлер жалданганын" кошумчалады. Ал кайсы уюмдар экени такталган жок.

Алдыңкы күнү министрлик 16-майда облус борбору Хорогдо милицияга кол салгандардын бири, жергиликтүү тургун каза тапканын билдирген.

16-майда милиция шаар борборуна багыт алган жаштардын тобун токтотуу үчүн көздөн жаш чыгаруучу газ жана желим окторду колдонгону кабарланган.

Андан мурда, 14-майда Хорог шаарынын жүздөгөн тургундары митингге чыгып, Тоолуу Бадахшан автоном облусунун башчысы Алишер Мирзонаботтун жана шаардын мэри Ризо Назарзоданын отставкага кетишин, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну, Бадахшандын тургундарын куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан.

Автоном
облустун бийлиги митингчилердин аймактын жетекчилерин кызматтан алууга байланыштуу талабын "мыйзамсыз" деп мүнөздөп, аны аткаруудан баш тарткан. Митингдин катышуучуларынын бири талаптар аткарылмайынча нааразылык акциялары улана берерин "Озоди" радиосуна айткан.

Өткөн айда Улуттар Уюмунун эксперттер тобу Тоолуу Бадахшан облусунда күчөп бараткан чыңалууга тынчсызданып, тажик бийлигин "Памирдеги азчылыкты" коргоого жана аймактагы адам укуктарын сактоого чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG