Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:04

Сот активист Максат Касеновду үй камагына чыгарды


Максат Касенов.
Максат Касенов.

Кылмыш-жаза кодексинин “Ден соолукка оор залал келтирүү” беренесине шек саналып кармалган активист Максат Касенов үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди 18-майда Каракол шаардык соту чыгарганын Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жабырлануучу тарап шектүүгө доосу жок экенин билдирген жана сот айыпталуучунун туруктуу жашаган жери бар экенин эске алып үй камагына чыгарган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Максат Касеновду киши өлтүрүүгө аракет кылган деген шек менен 2021-жылы октябрда кармаган. Анын Караколдогу үйүндө тинтүү жүрүп, Сайга үлгүсүндөгү мылтык жана башка куралдар табылганы кабарланган.

Максат Касенов “Улуу Кыргызстан” кыймылынын мурдагы лидери, Каракол шаардык кеңешинин экс-депутаты. Ал былтыр бийликтин ишин сынга алып жүргөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG