Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 05:26

Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы үй камагына чыкты


Шектүүлөрдү кармоо учурунда тартылган сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин опузалап пара алууга шек саналып кармалган өкүл баласы үй камагына чыгарылды.

Маалыматты Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы ырастады.

Шектүүнү үй камагына чыгаруу токтомун Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы 29-апрелде кабыл алып, үй камагынын мөөнөтүн 29-майга чейин деп аныктаган.

УКМКнын басма сөз кызматы өткөн айда өкүл бала И.А.К. Ташиев менен мамилесине жамынып ишкерден опузалап акча талап кылганы үчүн кармалганын билдирген.

Ал жана Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын кызматкери ишкерден 120 миң сом акча талап кылганы аныкталганын, ​90 миң сом алып жаткан жеринен кармалганын кабарлаган.

Шектүүлөрдүн аты-жөнү айтылган эмес. Алар тараптан комментарий боло элек. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG