Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

УКМК төрагасынын өкүл баласы опузалап пара алып жатып кармалды


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, жеке ишкерден 90 миң сом акча алып жаткан жеринен И.А.К. жана Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын кызматкери Б.А.И. кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

"И.А.К. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы болуп туруп, үй-бүлөлүк мамиленин артына жашынып, Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын кызматкери Б.А.И. менен сүйлөшүп, жеке ишкерди коркутуп, 120 миң сом акча талап кылганы аныкталган", - деп жазылган атайын кызмат тараткан маалыматта.

Кармалган жарандар Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 101-беренесине ылайык Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө амалдары жүрүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG