Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:11

Кыргыз-тажик чек арасында дрон учурууга тыюу салуу маселеси каралды


Чек арадагы жолугушуу. 12-март. 2022-жыл
Чек арадагы жолугушуу. 12-март. 2022-жыл

12-мартта Тажикстандын Исфара районундагы «Гулистон» өткөрүү пунктунда чек арадагы акыркы кырдаалды талкуулаган эки тараптуу жолугушуу өткөнүн Баткен облусунун администрациясынын маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууга президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, УКМКнын Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев, ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев жана облустук күч кызматтарынын жетекчилери катышты.

Тажикстандан Согд облусунун жетекчиси Ражаббой Ахмадзода жана Чек ара кызматынын жетекчиси Ражабали Рахмонали, жергиликтүү бийлик, укук коргоо кызматынын өкүлдөрү катышты.

Сүйлөшүүдө чек ара тилкесинде катталып жаткан окуялардын келип чыгуу себептери жана тынчтыкты сактап калуу жолдору талкууланды.

Мындан тышкары чек арага жакын жайгашкан айылдардын чарбачылык маселелерин чогуу чечүү боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүлдү.

Чек арага жакын айылдарда Коомдук тартипти сактоону милиция биргелешип камсыздоо, чек арада аймактарында мал уурулуктун алдын алууга чогуу аракеттенүү макулдашылды.

"Чек ара аймактарында дрон (БПЛА) учурууга тыюу салуу маселеси да каралды", - деп айтылат облустук бийлик тараткан маалыматта.

Эки тараптын чек ара кызматынын өкүлдөрү өзүнчө да жыйын куруп, чек араны кайтаруу, чыр-чатактардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча иш-чараларды кабыл алды.

Эки өлкөнүн чек арачыларынын 10-март күнү түшкө жуук, 11-мартка караган түнү да чек ара аймагында ок атышуусу катталган. Окуяда Кыргызстан тараптан жабыркагандар жок экени айтылган. Тажик тарап бул окуя тууралуу расмий маалымат бере элек. "Азаттыктын" тажик кызматы өздүк булактарга таянып, окуядан тажикстандык бир чек арачы каза болуп, бир жөнөкөй тургун жараат алганын кабарлаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG