Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:03

Долларды Кыргызстандан четке чыгарууга убактылуу тыюу салынды


11-мартта Улуттук банк АКШ долларын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө токтом кабыл алды.

“Экономикалык коопсуздукту камсыздоо жана ички валюта рыногунда жагдайды турукташтыруу максатында кабыл алынган чечимге ылайык, чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясына ээ коммерциялык банктарга, акча алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга 2022-жылдын 11-мартында саат 17:30дан тартып, нак АКШ долларын Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары алып чыгууга убактылуу тыюу салынды”, - деп айтылат Улуттук банк тараткан маалыматта.

Украинадагы согуштан улам орус экономикасы басымга учураган сайын кыргыз сомунун куну түшүп, доллардын курсу 103 сомго чейин көтөрүлдү.

Кыргыз сомунун курсун туруктуу кармоо үчүн Улуттук банк 10-мартта валюта базарына дагы 59,30 миллион доллар чыгарды. Анын 39,85 миллиону накталай сатылганын башкы каржы мекемесинен кабарлашты.

Буга чейин 4-мартта каржы базарына 55,35 миллион доллар чыгарып, анын 26,80 миллионун накталай саткан.

Улуттук банк жыл башынан бери ушуну менен беш жолу интервенция жасап, 284,30 миллион долларды каржы базарына чыгарды. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG