Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:07

Кыргызстанда беш айга жете турган кумшекер менен өсүмдүк майы бар


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

“Кайыңды-Кант” акционердик коомунда 19 миң тонна кумшекер бар, импортерлор 1,5 миң тонна алып келишкен.

Мындай маалыматты айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков бүгүн өткөргөн маалымат жыйында билдирди.

Министрдин айтымында бул көлөм Кыргызстандын 2,5 айлык керектөөсүн түзөт. Мындан тышкары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Материалдык резервдер фондунда үч айга жетээрлик кумшекер сакталып турат.

Министрлер кабинетинин 11-марттагы жыйынында импорттолуп келген кумшекер менен өсүмдүк майынан кошумча нарк салыгын албоо чечими кабыл алынган. Евразиялык экономикалык биримдиктен тыш өлкөлөрдөн да кумшекер менен кант камышын алып келе башташат.

Айыл чарба министринин маалыматына ылайык, 11-мартта “Кайыңды-Кант” акционердик коому “Народный”, “Фрунзе”, “Глобус” өңдүү тармактык маркеттер менен макулдашуу түзгөн. Келишим боюнча, завод маркеттердин ар бирине күнүнө 4 тоннадан кумшекерди килограммын 65 сомдон жеткирет. Маркеттердин кардарлары үчүн сунушталган баа 67 сомдон ашпашы керек. Бул баада ар бир сатып алуучуга суткасына 1 килограммдан гана сатылат. Андан ашканына коммерциялык баа коюлат.

Кыргызстандагы кайра иштетүүчү ишканаларда өсүмдүк майынын 2,5 айга жете турган көлөмү бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Материалдык резервдер фондунда былтыр сатып келген өсүмдүк майы да турат, ал үч айга жетет.

Министрлик Жалал-Абад облусундагы “Дом-Ата” ишканасында өсүмдүк майын иштеп чыгара турган завод иштеп баштаганын билдирди. Маалыматка ылайык, учурда заводдо күнкараманын 500 тонна даны иштетилип жатат, жолдо дагы миң тонна келе жатат. Мындан тышкары, дагы 2 миң тоннага келишим түзүлгөн.

“Аталык Групп” компаниясында майды кайра иштете турган эки чоң завод бар. Орусиядан софлор, соя, күн караманын үрөнү сатып келинип, дыйкандарга жеңилдетилген шартта берилип жатат.

Бишкектеги белгилүү супермаркеттер айрым негизги товарларды сатууда чектөөлөрдү киргизип жатканын маалымдашууда. Эрежелерге ылайык, бир адамга чектелүү гана өлчөмдөгү товар сатылат.

Бишкектин ири дүкөндөрдө кумшекердин баасы 80 сомго чейин жетүүдө. Өсүмдүк майынын литри 160-170 сомдон сатылууда.

Орусия 24-февралда Украинада согуш баштагандан бери доллар кескин кымбаттап, Орусияга карата катаал экономикалык санкциялар киргизилүүдө.

Орус өкмөтү Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөргө дан азыктарын жана кумшекерди экспорттоого 31-августка чейин тыюу салды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG