Жалал-Абад облсунун Чаткал районунун Терек-Сай аймагындагы маданият үйүндө 19-майда аймактагы төрт алтын казган компаниянын жетекчилери жана аким, жергиликтүү эл менен жолугуп жатат.
Жолугушууда ишканалар жасаган иштери жана алдыдагы пландары тууралуу тургундарга маалымат беришти. Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаев райондун инфраструктурасын жакшыртуу жана чакан ГЭСтерди куруу боюнча райондун мүмкүнчүлүктөрү боюнча айтып берди.
Жолугушууга Чаткалдагы Терек-Сай алтын кенин иштеткен “Эти Бакыр Терексай” компаниясы, Жамгыр алтын кенин иштеткен “Вертекс Голд Компани” ишканасы, Чаарат алтын кенин иштеткен Chaarat Gold ишканасы жана Куру-Тегерек кенин иштеткен “Кичи Чаарат” ишканасынын жетекчилери келди.
Чаткал районунда кен казган компаниялар менен элдин ортосунда утур-утур чыр чыгып турат. (TB)