Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:44

“Ош” аэропортундагы окуяны Башкы прокуратура иликтей баштады


“Ош” эл аралык аэропорту шамаалдан жабыркагандан кийин. 18-май, 2022-жыл.
“Ош” эл аралык аэропорту шамаалдан жабыркагандан кийин. 18-май, 2022-жыл.

Башкы прокуратура “Ош” эл аралык аэропортунун шыбы эмне себептен урап түшкөнүн, курулган имараттын долбоорго шайкештигин жана ал кандай шартта кабыл алынганын иликтей баштады. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы кабарлады. Мекеме аэропорттун шыбы ураган имаратын кайсы компания салганы тергөөдө аныкталарын кошумчалады.

18-майда катуу шамал менен коштолгон нөшөрлөп жааган жаандан улам “Ош” аэропортунун күтүү залынын шыбынан суу агып, анын кесепетинен имараттын шыбы урап түшкөн. Ал учурда күтүү залында бир топ киши болгон. Окуяны аба майдандын өзүнүн жумушчу комиссиясы да иликтеп жатат.

Аэропорттогу суу каптоону комиссия иликтейт
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:57 0:00

“Ош” эл аралык аба майданы - Кыргызстандагы экинчи чоң аэропорт, анын имараты 1974-жылы курулган. Ал эми шыбы түшкөн кошумча жаңы имарат мындан беш жыл мурун 78 миллион сомго курулган.

Аба майданда 900дөн ашык киши иштейт. Аэропорт жумасына 160ка жакын каттамды уюштурат. “Ош” аба майданы “Манас” аэропортунун филиалы болуп саналат. ​

2019-жылы да аэропорттун чатырынан суу агып, имараттын ичин каптаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG