Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

"Ош" аэропорту суу каптаган имаратты үч компания курганын билдирди


"Ош" эл аралык аэропорту.
"Ош" эл аралык аэропорту.

"Ош" эл аралык аба майданынын чатырынан суу өткөн имаратын 2016-жылы тендерди уткан үч компания курган. Бул тууралуу аэропорттун директору Арипжан Токуров "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, 2012-жылы “Аль-Манар” компаниясы 78 млн. сомго аба майдандын батыш тарабына ички каттамдар менен учуп келгендерди кабыл алуу залын салган. Имараттын капталдары айнек менен тосулуп, жеңил типте курулг ан.

2016-жылы бул жайды кеңейтүү үчүн тендерди “Элит строй сити”, “Авангард рим строй” жана “Ак Бата” компаниялары уткан. Алар 2012-жылы курулган залды толугу менен бузуп, анын ордуна 70 млн. сомго жаңы имарат салган.

"Ош" аэропортунун жетекчиси келтирилген зыян боюнча мекеменин өзүндө комиссия түзүлүп, 2014-2018-жылдардагы курулган курулуштарды иликтей турганын кошумчалады.

Аэропорттогу суу каптоону комиссия иликтейт
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:57 0:00

18-майда нөшөрлөп жааган жаандан улам "Ош" эл аралык аэропортунун күтүү залынын шыбынан суу агып, анын кесепетинен имараттын шыбы урап түшкөн. Ал учурда күтүү залында бир топ киши болгон.

“Ош” эл аралык аба майданы Кыргызстандагы экинчи чоң аэропорт, анын имараты 1974-жылы курулган. Ал эми шыбы түшкөн кошумча имарат мындан беш жыл мурун 78 миллион сом коротулуп жаңы курулган.

Анда 900дөн ашык киши иштейт. Аэропорт жумасына 160ка жакын каттамды уюштурат. “Ош” аба майданы “Манас” аэропортунун филиалы болуп саналат. ​

2019-жылы да аэропорттун чатырынан суу агып, имараттын ичин каптаган. (ArN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG