Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:25

Түркия Финляндия менен Швециянын НАТОго кирүүсү боюнча сүйлөшүүлөргө бөгөт койду


НАТО уюмунун жана Финляндия менен Швециянын желектери.
НАТО уюмунун жана Финляндия менен Швециянын желектери.

НАТОнун мүчөлөрүнүн бири Түркия мурда жарыялаган позициясын карманып, Финляндия менен Швециянын аталган уюмга кирүүсү боюнча сүйлөшүүлөргө бөгөт койду. Бул тууралуу германиялык DPA маалымат агенттиги кабарлады.

Анкара Хельсинки менен Стокгольм Түркияда террордук уюм деп табылган Күрдистан жумушчулар партиясын колдойт деп күнөөлөп келет.

Түркия сүйлөшүүлөр учурунда аталган эки өлкөнү бул уюмду коомчулук алдында айыптоосун талап кылды. Financial Times басылмасы жазгандай, түрк бийлиги мындан сырткары Швециядан террорчулукка шектелген 30 адамды экстрадициялоону талап кылды.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган аталган уюмга Финляндия менен Швецияны кошууга каршы экенин, алардын арызына бөгөт коёрун 13-майда жарыялаган.

18-майда Швеция жана Финляндиянын элчилери Брюсселде НАТОнун Баш катчысы Йенс Столтенбергге аскердик блокко кошулуу арыздарын тапшырышты. Столтенберг аларды кабыл алуу жараяны ыкчамдатылган тартипте жүрөт деп үмүттөнөрүн белгиледи.

Орусия Украинага кол салгандан кийин эки өлкө тең салттуу нейтралитет макамынан баш тартып, НАТОго кирүүнү чечкен. Ага кирүү альянска мүчө мамлекеттердин бардыгынын бир добуштан колдоосун талап кылат.

НАТО (Түндүк атлантикалык аскердик уюм) 1949-жылы АКШны жана Европаны СССРдин таасиринен коргоо үчүн түзүлгөн. Алгач 12 мамлекет кирген. Учурда АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30 мамлекет мүчөлүк кылат. Түркия уюмга 1952-жылы кошулган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG