Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

Чаткал: Шыбы ураган мектептин окуучулары кайрадан текшерилмей болду


Шыбы ураган класс.
Шыбы ураган класс.

Чаткалда сабак учурунда классынын шыбы ураган окуучуларды кайрадан медициналык текшерүүдөн өткөрүү чечими кабыл алынганын 19-майда “Азаттыкка” мектептин директорунун милдетин аткаруучу Саркан Койчуманкулова билдирди. Анын айтымында, окуучулар кайрадан Ош шаарына барып, дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтөт:

"16 окуучунун 14ү кайрадан Ошко барып, аппараттарга түшүп, толук көзөмөлдөн өтүп келүү үчүн бүгүн 19-майда кетип жатат. Ал эми эки окуучунун ата-энеси Ошко алып баруудан баш тартты."

17-майда Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнө караштуу №18 Амирабек Чымканаев атындагы орто мектепте сабак учурунда класстын шыбы урап түшкөн. Кырсык болгон учурда кабинетте мугалим жана 16 окуучу болгону кабарланган.

Окуучулар дарыгерлердин текшерүүсүнөн өткөндөн кийин баары ошол эле күнү үйүнө кое берилгенин 18-майда “Азаттык” радиосуна Ала-Бука районунун Жалпы дарыгердик тажрыйба борборунун жетекчиси Бактыгүл Алимбаева билдирип, балдарга эч кандай диагноз коюлбаганын, эч кимиси сынык же башка жаракат албаганын, алар “чочуу жана стресске реакция” деген негизде көзөмөлгө алынганын, 54 жаштагы мугалим кан басымы жогорулагандыктан ооруканада көзөмөлдө экенин айтып берген.

Чаткал районунун билим берүү бөлүмү кырсык болгон мектеп 1951-жылы курулганын, авариялык абалда болбогонун кабарлаган.

Окуядан кийин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү бардык мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелердин имараттарынын абалын текшерүү тапшырмасын берген.

Бүгүн 19-майда Терек-Сайда аймакта алтын казган төрт компаниянын жетекчилери жана аким жергиликтүү эл менен жолукту. Анда ата-энелер шыбы ураган мектеп боюнча маселени көтөрүп, буга «Eti bakir» ишканасынын жардыруу иштери да себеп болушу мүмкүн экендигин айтты. Аталган ишкана бул боюнча азырынча комментарий бере элек. (TB)

XS
SM
MD
LG