Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:03

Менчик билим берүү борборунун жетекчиси мыйзамсыз миграция уюштурган деп айыпталууда


Шектүү. ИИМ тараткан сүрөт.
Шектүү. ИИМ тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлиги "Грин Лайт Компани" эл аралык билим берүү борборунун директору мигранттарды мыйзамсыз алып келген жана алып чыккан туруктуу канал уюштурганы аныкталганын жарыялады.

Маалыматка караганда, шектүү Молдовадан Кыргызстанга депортацияланып келген учурда кармалган.

Ал Кыргызстандын жарандарын чет өлкөгө ишке орноштуруу укугуна уруксаты жок туруп, 10-15 адамдан турган жарандарды (арасында балдар да бар) Европа өлкөлөрүнө жана АКШга жеткирүү максатында Украина аймагы аркылуу мыйзамсыз Молдовага жеткирген.

Молдовада 4-5 айга жакын кармап, чет өлкөлүк жарандар менен тил табышып, бир нече жолу круиздик жана жүк ташуучу кемелер аркылуу АКШга жана Европага жөнөтүүгө аракет кылган. Молдованын укук коргоо органдары тарабынан Кыргызстандын жарандарына кылмыш иштери козголуп, мекенине депортацияланган.

“Алдын ала маалыматтар боюнча А. Н. болжол менен 5 млн. сом өлчөмдөгү акча каражаттарына ээ болгон”,-деп айтылат ИИМ тараткан маалыматта.

Мекеме "Грин Лайт" компаниясынан жабыр тарткандарды милицияга же 102 телефонуна кайрылууну өтүндү.

Аталган компания комментарий бере элек.(JsA)

XS
SM
MD
LG