Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:27

Ошто таза суу маселесин чечүүнү талап кылгандар акция өткөрдү


Ош шаары
Ош шаары

Ошто мэриядан шаардын таза суу маселесин чечүүнү талап кылган бир нече адам 19-майда шаардын борбордук аянтында нааразылык акция өткөрүштү. Пикетке чыккандардын бири Мирлан Орозбаев Ошто бир нече мэр алмашканы менен Кыргызстандын экинчи борбору болгон Ош шаарында дагы деле таза суу көйгөйү ошол эле бойдон калганын айтты.

Акциянын катышуучулары колдоруна “Таза суу”, “Миллиондор кайда кетти?”, “Укугубуз тебеленип жатат” деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Аларга Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев жооп берип, жергиликтүү бийликтин аракетине карабай азырынча жыйынтык болбой атканын айтты. Мунун себебин Оштун тургундарына суу ачык дарыядан берилгени менен байланыштырды. “Жаан жааган сайын коктулардан сел түшүп, суу ылайланып токтоп калууда” , - деди Жунусбаев.

Ош шаарындагы эң чоң көйгөйлөрдүн бири — таза суунун үзгүлтүккө учураганы. Тургундар ичүүчү сууну Ак-Буура дарыясынан алгандыктан, суу жамгырдан кийин булганса, сааттап, айрым учурда эки-үч күнгө чейин токтоп калат. Оштун жашоочулары чака-чайнектерге суу камдап алууга мажбур болушат. (BTo)

XS
SM
MD
LG