Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:49

Рахимов президенттин чек ара айылдарын өнүктүрүү боюнча өкүлү болду


Мамыржан Рахимов. Май, 2021-жыл. Баткен облусу.
Мамыржан Рахимов. Май, 2021-жыл. Баткен облусу.

Мамыржан Рахимов Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча президенттин атайын өкүлү болуп дайындалды. Тескемеге мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгону 19-майда президенттин сайтына жарыяланды.

Өткөн жылы апрель айынын соңунда кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуядан кийин чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү үчүн президенттин өкүлчүлүгү түзүлүп, Мамыржан Рахимов өкүл болуп дайындалган. Кийин ал ноябрдагы парламенттик шайлоого "Ишеним" партиясынын тизмеси менен аттанып, кызмат ордун тапшырган болчу.

Өткөн жылы Баткендеги атайын өкүлчүлүккө казынадан 700 млн. сом бөлүнгөнү кабарланган.

Былтыр апрель айынын соңунда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда Баткен облусунан 140 турак үй күйүп, 15 социалдык объект, 34 соода түйүнү, 27 май куйган бекет, беш ашкана, үч тойкана өрттөлгөн. Беш жалпы билим берүүчү мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала бакча, эки милиция пункту, эки чек ара тозоту жана бир клуб жараксыз абалга келген.

Мекемелер аралык комиссия өткөн жылдын 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда жалпы чыгым 1 миллиард 300 млн сомго жеткенин кабарлаган.

Жабыркаган турак жайларды калыбына келтирүү боюнча Кыргызстан Түркия менен эки тараптуу келишимге кол койгон. Макулдашуунун алкагында, Түркия жабыркаган жашоочулар үчүн Сип-панель курулуш материалынан 140 үй куруп берген.

Куралдуу жаңжалда жабыркаган жарандар уурдалып, өрттөлүп кеткен мүлктөрү үчүн мамлекеттен кенемте төлөп берүү өтүнүчүн айтып келет.(JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG