Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:49

Немис канцлери Украина Евробиримдикке шашылыш киргизилбей турганын айтты


Олаф Шольц.
Олаф Шольц.

Европа Биримдигиндеги мүчө өлкөлөрдүн бири – Германиянын канцлери Олаф Шольц Орусиянын баскынчылыгына карабай Украина уюмга шашылыш кошулбай турганын жарыялады. Бул тууралуу пикирин ал 19-майда Бундестагда сүйлөп жатып айтты.

“Евробиримдикке кирүүдө кыска жолдор жок. Мындай кылсак, анда Батышта Балкандагы алты өлкөгө карата калыстык болбой калат. Алар көп жылдан бери уюмга кирүү үчүн ургалдуу реформаларды жасап, даярдык көрүп келет. Биздин аларга берген убадабыз – биздин аброюбуздун маселеси эмес. Өзүбүздүн коопсуздугубуз жөнүндө кеп болуп жатат”,-деди Шольц.

Немис канцлери кыска мөөнөттүк мезгилде Украинага башка жактан жардам берүү улантылып турарын, бул алар үчүн артыкчылык болорун да кошумчалады.

Мунун алдында Франциянын президенти Эммануэл Макрон дагы Украина сыяктуу талапкер үчүн Евробиримдикке кирүү “ондогон жылдарды талап кылынарын” айткан.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба бул билдирүүлөргө реакция жасап, айрым өлкөлөр “Киевди экинчи сорт катары көрүп жатат” деп баалады. Ал бул сөздөр Орусиянын президенти Владимир Путинди шыктандырып жатканын кошумчалады.

Курамына 27 мамлекет кирген Европа Биримдигинин лидерлери былтыр октябрда Словениядагы саммитте Батыш Балкандагы алты талапкер мамлекетке конкреттүү мөөнөт койгон эмес. Алар бул өлкөлөрдү кабыл алууга кызыкдар экенин гана билдирүү менен чектелишкен. Муну уюмга талапкер мамлекеттер – Албания, Босния, Сербия, Монтенегро, Түндүк Македония жана Косово терс кабылдаган.

Орусия Украинага басып киргенден кийин, 28-февралда президент Владимир Зеленский өлкөнүн Европа Биримдигинин мүчөлүгүнө кирүү тууралуу арызына кол койгон. Украин премьер-министри Денис Шмыгал өлкө “уюмга атайын тартип менен, шашылыш кирерин” айткан эле. 2-мартта Европарламент Украинага ЕБге кирүүгө талапкер деген макам берген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG