Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:22

"Жумуш жок, айлык кыскарды": Европага жол издеген мигранттар


Улуттук банк кыргызстандык мигранттар март айында мурдагы айга салыштырмалуу акчаны 34 млн. долларга аз которгонун билдирди. Украинада согуш башталгандан бери Орусияда эмгектенген мигранттар мекенине кайтып жатканы тууралуу маалыматтар бар. Ал тапта Министрлер кабинети кыргыз мигранттары үчүн Европа жана башка өлкөлөр менен келишим түзүп жатканын билдирүүдө.

"Жумуш орундар, айлык кыскарды"

Акыркы эки жылдан бери Москвада иштеп жүргөн Нурбек Жаркиев бир ай мурун Кыргызстанга кайтып келген. Ал акыркы кырдаалга байланыштуу Орусияда иш жакшы болбой калганын айтты.

“Орусиядагы ишимди жыйыштырдым. Кысым көбөйдү, жумуш орундар кыскарды, айлык азайды. Жумуш издеп, табылбаган үчүн үйгө кайттык. Москвада иштегениме эки жыл болгон. Азыр Орусиядан көптөр кайтып жатат. Бирок Кыргызстанда калганы аз, Европага же башка чет өлкөлөргө кетүүдө. Сыртта иштеп көнгөн адам бул жакта иштей албайт да. Мен деле кетем, Британияга виза тапшырып койдум”.

Ушул жылдын январынан мартка чейин мигранттар жалпысынан 518 млн. доллар которгон. Бул карантиндик чектөөлөр күчүндө турган 2021-жылга салыштырганда дагы 12 млн. долларга аз. Мигранттар которгон акчанын 97% Орусиядан келген.

Орусия Украинага бастырып киргенден кийин Батыш өлкөлөрү катаал санкцияларды киргизди. Мындан улам Орусиядагы бир топ чет өлкөлүк компаниялар ишин токтотту. Акыркы маалыматтарга ылайык, Москва Украинага кол салгандан бери Орусиядан 750 чет элдик компания чыгып кеткен.

Кыргызстандык мигранттардын кесиптик бирлигинин төрагасы Жамалдин Эшенкулов Орусиядан кайткан мигранттар салыштырмалуу көп, бирок күтүлгөндөн аз деп эсептейт.

“Күтүлгөндөн аз дегенибиз, Украинада согуш башталганы чет өлкөлүк бир топ ишканалар жабылган. Биздин өлкө ЕАЭБде болгондуктан мигранттар бир тепкич өйдө ошол жумуштарда көп иштечү. Биз эми ал мигранттар агылып эле Кыргызстанга жөнөсө керек деп ойлогонбуз. Андай болгон жок. Бирок жай турмуштан көбүрөөк болуп жатат. Ал деле Орусияга согушка чейин киргизген катаал тартиптерден улам болушу мүмкүн. Келген мигранттардын көбү Европаны эңсеп жатышат”, - деди Эшенкулов.

Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин ички дүң өнүмүнүн 35% сыртта жүргөн мигранттар которгон акча түзөт. Улуттук банктын маалыматына караганда, 2021-жылда чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештер Кыргызстанга 2,7 млрд. доллардан ашуун каражат которгон. Кыргызстан мигранттардын жиберген акчасына көз каранды өлкө экенин өкмөт деле моюнга алат.

"Өкмөт үчүн чоң коңгуроо"

ЖК депутаты Айбек Осмонов март айында мигранттар которгон каражаттын 34 млн. долларга кыскарышы өкмөт үчүн чоң коңгуроо экенин белгиледи.

Айбек Осмонов.
Айбек Осмонов.

“Чоң таасири тиет. Эгер бир айда 34 млн. долларга кыскарса, бир жылда 400-500 млн. долларга кыскарышы мүмкүн. Өкмөт муну эске алышы керек. Мен Украинадагы согуштун таасири деп эсептейм. Бирок Орусия кайра бизге жумуш орундарын тузүп берип, күчөтө баштады. Менин айылдаштарым согуш күчөп баратканда келишкен. Азыр кайра кетип жатышат”.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борбору Орусиядан мигранттардын келип же кетип жатканы боюнча маалыматы жок экенин билдирди.

Бирок Украинадагы согушка чейин Орусияда кара тизмеде эмес экенин текшерген жарандар 200дөн ашса, учурда элүүгө жетпей калган.

Ал тапта кыргыз бийлиги мигранттар үчүн Европа жана башка өлкөлөргө эшик ачууга аракет кылууда. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков учурда Түштүк Корея, Британия, Германия өлкөлөрү менен келишимдер иштей баштаганын, Финляндия, Жапония баштаган өлкөлөр менен келишим түзүлгөнү жатканын белгиледи.

Ушул күндөрү Британиянын мамлекеттик программасы менен айыл чарбасындагы мезгилдүү жумуштарга иштегени миң кыргызстандык жөнөп жатат. Бул программага миң орун үчүн 7 миң кыргызстандык арыз тапшырган. 19-майда биринчи тобу жөнөтүлөт.

Кыргызстан Түштүк Кореяга 15 жылдан бери мигранттарды жөнөтүп келет. Азыркы мезгилде 5 миң кыргызстандык бул өлкөдө иштеп жатат. 2022-жылдын төрт айында 300дөн ашык жаран иштегени учуп кеткен.

Германия менен дагы мигранттарды жөнөтүү боюнча келишим түзүлгөн. Ага ылайык Кыргызстандын төрт медициналык окуу жайында окуган 250 медицина кызматкери жөнөтүлгөнү турат. Июль айында Германиянын федералдык агенттиги менен мигранттарды жөнөтүү боюнча дагы меморандум коюлат.

“Бизде мурда деле мигранттарды жөнөтүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жаткан. Эки жылдан бери пандемияга байланыштуу чек аралар жабык болду. Чек аралар ачылгандан кийин активдешти. Ошонун негизинде жаңы мамлекеттер ачылып жаткандай сезилиши мүмкүн”, - деди Кубандык Акматбеков.

Анын айтымында, мамлекеттик келишимдерден тышкары жеке агенттиктер аркылуу чет өлкөгө иштегени кеткен жарандар дагы арбын.

Расмий маалыматтар боюнча Орусияда миллиондон ашуун кыргызстандык иштейт. Кыргызстанда чет мамлекеттерде жумушка орноштуруу менен алектенген 118 жеке агенттик бар. Алар жумушчуларды 20дай өлкөгө жөнөтөт.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG