Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Орусия: кыскарган айлык, иш таштаган мигранттар


Delivery Club сервисинде иштеген мигранттардын акциясы. 27-апрель, 2022-жыл.
Delivery Club сервисинде иштеген мигранттардын акциясы. 27-апрель, 2022-жыл.

Орусияда тамак-аш жана азык-түлүк жеткирүүчү Delivery Club сервисинде иштеген борборазиялык ондогон мигрант айлык акысы азайганы үчүн иш таштады. Алар тарифтик саясат өзгөргөнү үчүн төлөм кыскарып кеткенин, мындай шартта иштөө мүмкүн болбой калганын билдирүүдө.

Компания ички маселелерди чыгаруудан карманып, кызматкерлер кайрадан ишке чыкканын маалымдап жатат. Украинада согуш башталгандан бери Орусиядагы мигранттардын шарты ансыз да оорлоп жаткан.

"Өзүбүздү багыш кыйын болуп калды"

Delivery Club сервисинин кызматкерлеринин нааразылык уюштуруп жатканына дээрлик бир апта болду. Тагыраагы, алардын акциясы 22-апрелде башталды. Анткени, курьерлер 21-апрелден тартып мурдагыдан аз акча алып калышты.

Сервистин Орусиянын ар кайсы шаардык бөлүмдөрүндө иштеген кызматкерлери топ-тобу менен өздөрүн видеого тартып, жүйөсүн түшүндүрүп, интернет аркылуу таратууда. Видеолордон Москвадагы кызматкерлер көбүрөөк экени байкалат.

“Биз азыр Москвадабыз. Бул топтолгондорду баары Delivery Club сервисинде иштейбиз. Мурда бир буйрутманы 120 рублге жеткирчүбүз, азыр ошону 90 рублге түшүрүп койду. Ошонун айынан Москвада, региондордо иштеген курьерлер минтип, чогулуп, нааразылык билдирип жатабыз. Биз төлөмдү кайра мурдагыдай нормага көтөрүүнү талап кылабыз”,-дейт видеодогу кыргызстандык мигранттардын бири.

Курьерлердин айтымында, негизги төлөмдөн сырткары мурда тамак-ашты ала турган ресторан-кафеге чейин бир-эки километр болсо 40 сом, андан ары кардарга чейин ар бир километр үчүн 20 рублден кошулуп турчу. Азыр мына ушул кошумча төлөмдөр да кыскарып кеткен.

Экинчи кыргыз жараны видеодо башка курьерлерди да талаптары аткарылганга чейин ишке чыкпай турууга чакырууда:

“Урматтуу Delivery Club`да иштеген кесиптештер. Биздин талап аткарылганга чейин ишке чыкпай туралы. Смендерге чыкпагыла, биздин метродогулардын баарынын смендерин жаптырабыз. 90 рублге иштегенге такыр болбойт. Баарыңардын үй-бүлөңөр бар. Үй-бүлөнү, өзүбүздү багыш кыйын болуп калды. Мээнетиңерге күйгүлө. 90 рублге азыр бир килограм ун да келбей жатат. Өзбек, тажиктерге да айтып жатабыз. Туура түшүнгүлө”,-деди ал.

“Азаттык” аталган сервисте иштеген кыргызстандыктар менен байланышып, соңку жагдайды билүүгө аракет кылды. Алардан көбү ишсиз калуудан чочулашып, комментарий берүүдөн карманышты.

Интернетте, анын ичинде Ютуб порталында жана социалдык түйүндөрдө тараган видеолордо нааразылыкка чыккандар ар кайсы улуттардан экенин көрүүгө болот. Анын ичинде өзбек, тажик мигранттары да бар.

“Азаттыктын” тажик кызматы нааразылыкка чыккандардын бири менен байланышкан.

"Орусия, бүт дүйнө азыр кандай окуяларды башынан кечирип жатканын түшүнөбүз. Бирок эмгек акыбызды буга чейинки тариф менен төлөнүшүн талап кылабыз”, - деп айтты мигранттардын бири тажик жарандарынын бири.

Компаниянын жүйөсү

Delivery Club — Орусиядагы тамак-аш жана азык-түлүк жеткирүүчү эң ири сервистердин бири болуп саналат. 2009-жылдан бери иштейт. Алгач аталган эле багыттарда иштесе, учурда дары-дармектерди, косметикалык каражаттарды, зоо-товарларды, гаджеттерди, үйдө жана оңдоо иштеринде керектелчү товарларды да жеткирет.

“Азаттыктын” компаниянын өкүлдөрү менен байланышуу аракетинен майнап чыккан жок. Мунун алдында мекеменин басма сөз кызматы орусиялык медиаларга билдирүү таратып, иш таштоо болгонун төгүндөгөн. Алар курьерлердин саны жана маянасы азайбаганын, берилчү төлөмдөрдүн түзүмү гана өзгөргөнүн кошумчалаган.

“Мурдагы тариф эки бөлүктөн турчу: буйрутманы жеткирүүгө берилчү акы жана кардарга чейинки аралык үчүн берилчү акы. Жаңы тариф үч бөлүктөн турат: ресторанга чейинки аралык үчүн, буйрутманы жеткирүү үчүн жана кардарга чейинки аралык үчүн берилчү акылар өз-өзүнчө эсептелет. Тарифти өзгөртүү тез-тамактануучу жайлардын орус рыногунан кеткенине байланыштуу терс негативди азайтуу максатын көздөйт. Бул өзгөртүү жаңы шарттарда жеткирүүнүн эки тарабына тең калыс баа коюу үчүн киргизилди”,-деп айтылат Delivery Club компаниясынын билдирүүсүндө.

Орусиялык басылмалар жазгандай, соңку нааразылыктар дагы башка өңүткө курчуп кетти. Тагыраагы, Delivery Club компаниясынын кызматкерлеринин каршылык акцияларын атайылап уюштурууга айыпталып Москвадагы курьерлердин кесиптик кошуунунун жетекчиси Кирилл Украинцев кармалып, эки айга камалды. Анын үйүнө да тинтүү жүргүзүлгөн.

Компаниялар жана мигранттар

Орусиядагы тамак-аш жана азык-түлүк жеткирүү тармагында мындан сырткары "Яндекс.Еда", "Додо Пицца", "Доминос Пицца", Grow Food, "СберМаркет", IGooods, "Самокат", "Яндекс.Лавка", SaveTime сыяктуу компаниялар иш алып барат. Булардын көбүнүн өздөрүндө да дүкөн жана кафе-ресторандар бар.

Булардын ичинен "Яндекс.Еда" сервисинде да ушундай көйгөй жаралганы айтылып, ага ээлик кылган компания аны төгүндөп чыккан.

Соңку эки айдан бери Орусиядагы эмгек мигранттары айлыгы азайып, кээде акча кечигип төлөнө баштаганын айтылууда. Укук коргоочулар жумушсуз калган мигранттардан көп даттануулар түшө баштаганын белгилеген. Мындай абал өзгөчө Украинадагы согуш башталгандан бери чет өлкөлүк компаниялар Орусиядан кете баштаганда түзүлдү.

Орусия борборазиялык мигранттар иш издеп кеткен негизги багыт бойдон калууда. Айрым эксперттер ал өлкөдөгү экономикалык кризистен улам үйлөрүнө кайткан мигранттар көбөйүшү ыктымал деп эскертишет. Акыркы маалыматтарга ылайык, Москва Украинага кол салгандан бери Орусиядан 750 чет элдик компания чыгып кеткен.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG