Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Акча которуудагы жоготуу: мигранттар банктарга нааразы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Европадагы журтташтар Кыргызстанга которгон каражаттарын жакындары доллар жана евро менен ала албай жатканына нааразы. Алардын айтымында, жиберилген каражат сомго эң төмөн баа менен которулуп, ортодо жоготууларга учурап жатышат. Улуттук банк бул маалыматты четке кагып, банктарда евро же доллар жетиштүү көлөмдө болбой калышы мүмкүн деген жүйө келтирди.

"Доллар дагы, евро бербей коюшуптур"

Италиянын Сардиния аралындагы кыргызстандыктар үчүн мекенине акча которуу март айынан бери чоң көйгөйгө айланды. Алар айлыкты евро менен алгандыктан, Кыргызстанга да ошол валюта менен которушат.

"Мисалы, биз бул жактан которгон еврону Кыргызстанда ошол эле валюта менен үч эле банк берип жатат. Алар "Бакай Банк", "Дос-Кредобанк" жана "Бай түшүм". Бирок аймактардагы айылдардын баарында эле бул банктардын филиалдары жок. Болсо дагы кээде евро жок болуп калууда. Үйдөгүлөр улам бир банкка барып убара болуп жатышат. Жиберген акчабыз жакындарыбызга бир нече жумада гана жетүүдө. Банктарды кыдырып канча убара болушат, жолго каражат кетет дегендей",-дейт Сардиниядагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Миргүл Өмүралиева.

Буга чейин Италиядагы журтташтар Ria деген эл аралык система аркылуу акча жөнөтүп, аны мекенинде туугандары эч тоскоолдуксуз алып келишкен. Азыр ал система дагы кандайдыр бир себептер менен туруктуу иштебей, комиссиялык төлөмү дагы эки эсе кымбаттап кеткен.

Миргүл Өмүралиева.
Миргүл Өмүралиева.

"Ал система еврону долларга алмаштырып жөнөтүүнү талап кылат. Биз бул жерден еврону долларга алмаштырганда акчанын курсунан уттуруп жатсак, Кыргызстанда доллардын наркы ого бетер төмөнгө бааланып, дагы бир жолу чыгымдарга учурап жатабыз",-деди Өмүралиева.

Ал Италияда мекендештер күнү-түнү тыным албастан, бир тыйынын чогултуп иштеп, Кыргызстанга салган акчасы азайып кетип жатканына журтташтардын атынан нааразылыгын билдирип, өкмөттөн бул маселени чечип берүүнү өтүндү.

Италияда расмий маалымат боюнча алты миңдей кыргызстандык бар. Бейрасмий статистикага ылайык, алардын саны эки эсе көп. Көбү өлкө түштүгүндөгү Неаполь шаарында жана Сардиния аралында отурукташкан. Алардын басымдуу бөлүгү кары-картаңдарды карап, бала багып, үй жыйнап, курулушта эмгектенишет. Арасында студенттер да бар.

Кыргызстандын Италиядагы элчилиги журтташтардын көйгөйүнөн кабардар экенин, бул маселени чечүүнүн үстүндө иштеп жатканын айтууда.

Европанын башка мамлекеттеринде эмгектенип жаткан кыргызстандык мигранттар дагы которулган каражат ошол валюта менен жетпей жатканына нааразы болууда. Алардын бири Испаниянын Барселона шаарында жашаган Жылдыз Султанова жакында эле ушундай маселеге тушуккан.

"Кыргызстанга акча жөнөткөм, бирок жакындарым ала алышкан жок. Анткени банкка барса доллар менен да, евро менен да бербей коюшуптур. Ошентип акчам кайра Испанияга кайтарылып, бул жактан өзүмө тийди".

Ал эми Кошмо Штаттагы мекендештер каражаттарын банктардан тышкары Western Union, MoneyGram сыяктуу акча которуу системалары аркылуу салышат.

Чикагодогу кыргыз диаспорасынын активисти Жакшылык Мураттын айтымында, бул системалар дагы Батыштын Орусияга салган санкцияларына байланыштуу үзүл-кесил иштеп калды.

Жакшылык Мурат.
Жакшылык Мурат.

"Орусиялык банктар SWIFT системасынан өчүрүлгөнүнө байланыштуу Америкадагы кыргызстандыктар Kookmin деген Түштүк Кореянын банкы аркылуу Кыргызстандагы "Оптима" сыяктуу банктарга которуп жатышат. Ошондо дагы акча бир топ убакытка ортодо кармалып, араң жетүүдө",-дейт Жакшылык Мурат.

Улуттук банктын жүйөсү

Орусия Украинага басып киргенине байланыштуу Батыш Москвага болуп көрбөгөндөй каржылык санкцияларды салып, бир катар банктарын эл аралык SWIFT системасынан өчүрүп салган. Ал эми орус бийлиги жарандарына өлкөдөн доллар алып чыгууну чектеген.

Кыргызстандын Улуттук банкы 2022-жылдын 18-апрелинде чыгарылган токтомуна ылайык, эл аралык акча которуу системасы боюнча которулган акчаны Кыргызстандагы адам жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында же сом менен гана ала алат. Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева журтташтардын акчалары алар которгон валюта менен жакындарына жетпей жаткандыгын мындайча түшүндүрдү:

"Кээ бир банктарда евро жок болуп калышы мүмкүн. Евро анча деле Кыргызстанда популярдуу эмес да. Биз банктар менен иштешип жатабыз. Ал эми төмөндөтүлгөн курс боюнча берип жатканын айтсак, биз муну териштирүүдөбүз. Көп банктар Улуттук банк чектеп жатат деп бизге шылташат экен. Биз эч кандай тыюу салган эмеспиз. Ал эми 18-апрелиндеги чектөө акча жөнөткөн тараптын валютасында берүүгө багытталган. Мисалы, Италиядан евро менен жиберишсе, бул жактан да евро менен берилиши керек. Эгер АКШдан жөнөтүлсө, анда доллар менен берилиш керек. Кээде ушундай ар кандай түшүнбөсүктөр жаралууда. Биз банктарга да айтып, жарандарга туура түшүндүрүүнү талап кылып жатабыз".

Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин ички дүң өнүмүнүн 35% сыртта жүргөн мигранттар которгон акча түзөт. Улуттук банктын маалыматына караганда, 2021-жылда чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештер Кыргызстанга 2,7 млрд. доллардан ашуун каражат которгон. Кыргызстан мигранттардын жиберген акчасына көз каранды өлкө экенин өкмөт деле моюнга алат.

Ушул жылдын алгачкы үч айында четтеги мигранттар жалпысынан 518 млн. доллар которгон. Бул карантиндик чектөөлөр күчүндө турган 2021-жылдын ушул маалына салыштырмалуу 24 млн. долларга аз. Мигранттар которгон акчанын 97% Орусиядан келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG