Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:36

Министрлик Дорбоевдин тажыясына кыргыз аскерлеринин катышканы боюнча түшүндүрмө берди


Кара-Ой айылы. 25-марты, 2022-жыл.
Кара-Ой айылы. 25-марты, 2022-жыл.

Кыргызстандын Коргоо министрлиги Украинадагы согушта каза болгон теги кыргызстандык Эгемберди Дорбоевдин тажыясына кыргыз аскерлеринин катышканы боюнча түшүндүрмө берди.

Анда маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Кант авиабазасынын аскер кызматкерлери катышканы айтылат.

"Кыргызстандык аскер кызматкерлери тажыяга Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин кайрылуусунун негизинде өз ара аракеттенүү тартиби менен катышкан", - деп жазылган Коргоо министрлиги тараткан маалыматта.

Украинадагы согушта каза болгон теги кыргызстандык Эгемберди Дорбоевдин сөөгү бүгүн, 25-мартта туулуп-өскөн Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында жерге берилди.

Маркумдун сөөгү айылына 24-мартта кечке жуук жеткирилген.

Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер, орус жараны Дорбоев каза болгонун Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги 22-мартта расмий ырастаган. Маркумдун жакындары анын окко учканын 16-мартта укканын кабарлашкан. Орусиянын бир нече сайты ал 8-мартта каза болгонун жазышкан. Жигит 19 жашта экени, сөөгү Кант авиабазасына жөнөтүлөрү маалым болгон.

Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны Орусияда эмгектенет. Бейрасмий маалыматка караганда, 400-500 миңдей кыргызстандык орус жарандыгын алган.

Орусия Украинага 24-февралда кол салган. Андан бери бир канча шаарлар талкаланып, 3 миллиондон ашуун адам өлкөдөн чыгып кетти.

Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин согуш башталгандан бери белгилеп келет.

Украинада каза болгон Эгемберди жерге берилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:41 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG