Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

Арестович согушта 10 миңге жакын украин жоокери курман болгонун айтты


Украин аскерин акыркы сапарга узатуу зыйнаты.
Украин аскерин акыркы сапарга узатуу зыйнаты.

Украинанын президентинин аппарат жетекчисинин кеңешчиси Алексей Арестович, өзүнүн эсебинде согуш башталгандан бери 10 миңге жакын украин жоокери каза болгонун айтты. Бул тууралуу TСН телеканалы билдирди.

Орусиялык укук коргоочу Марк Фейгин менен маектешкен учурда Арестович калабанын башында күнүнө орто эсеп менен 100 украин аскери каза болсо, орусиялык армияда күнүнө орточо миң адамды жоготкон. Ушу тапта анын эсебинде Москва күнүнө орто эсепте 200-300 жоокерин жоготууда.

Буга чейин Украина президентинин жардамчысы Михаил Подоляк Орусиянын оор артиллериясынын аткылоосунан улам, Украина майданда күнүгө 100дөн 200гө чейин аскерин жоготуп атканын Би-Би-Сиге айткан.

Украин расмийлери Орусия дагы көп жоготууларга учурап жатканын айтууда. Бул маалыматты көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.

The Guardian басылмасы Батыштагы ишенимдүү булактарына таянып, Орусия Украинада 20 миңдей аскеринен айрылганын жазды. Киевдин эсебинде, бул сан отуз миңден ашат.

Москва жоготуулары тууралуу акыркы жолу март айында гана маалымдап, 1351 аскери согушта мерт кеткенин билдирген. Андан бери үн ката элек. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG