Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:09

Абактагы Аспековго президент Жапаровдун жообу


Садыр Жапаров менен Мелис Аспеков октябрь окуяларынан кийинки өкмөт үйүнүн алдындагы митингде.
Садыр Жапаров менен Мелис Аспеков октябрь окуяларынан кийинки өкмөт үйүнүн алдындагы митингде.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев камакта отурган Мелис Аспековдун айыптоосуна жооп беришип, анын шайлоо маалында президенттин атын колдонуп ишкерлерден акча топтогонун билдиришти.

Жети жылга кесилген Аспеков 3-июндагы соттук отурумда Садыр Жапаров мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдон 10 млн. доллар алганын, анын 1 миллионун Чүй облусундагы үгүт иштерине жумшаганын айтып чыккан.

Аспеков: Айткандарымды тергөөдө далилдей алам

“Опузалап акча талап кылуу” жана "Алдамчылык" беренеси менен айыпталып жаткан Мелис Аспековдун иши Бишкек шаардык сотунда каралып жатат. Ал сот залында Садыр Жапаровду кескин сындап, мамлекет башчыга тиешелүү бир нече билдирүү жасады.

Анын айткандары бийлик жаңы алмашкандан кийинки окуяларга байланыштуу. Мисалы, Садыр Жапаров жакында эле президенттин иш башкаруучусу болуп дайындалган Каныбек Туманбаевден, президенттин Чүй облусунундагы мурдагы өкүлү Эркин Тентишевден 1 млн. доллардан алганын билдирүүдө.

Мелис Аспеков бир жыл мурун Садыр Жапаров шайлоого баратканда мурдагы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун жакындарынан 10 миллион доллар алганын айтып чыккан эле. Бул сөздөрүн 3-июндагы соттук отурумда дагы бир жолу бышыктады.

Мелис Аспеков.
Мелис Аспеков.

“Мен президенттик шайлоо учурунда Садыр Жапаровдун штабынын Чүй облусу боюнча координатору болгом. Менден акча алган райондун координаторлору ишеним кат жазып беришкен. Садыр Жапаров менен беттештирсе баарын далилдеп берем. Анткени Жапаров өз колу менен 1 млн. доллар берген. Райондук координаторлордун эч күнөөсү жок. Мен аларга акча бердим, миңдеген үгүтчүлөрдү жумушка алганбыз. Эгерде ушул фактыларды тана турган болушса, анда ишеним каттарды экспертизага берели. Мындан тышкары канча деген чыгымдар болду. Тонналап бензин алганбыз. Мен айткандарымды тергөөдө далилдей алам”.

Мелис Аспеков соттон тогуз кишинин атынан жазылган ишеним катты юрист Нурбек Токтакуновго берген. Ал Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Анда ар бир адам өзүнүн атын, канча акча алганын жазганын көрүүгө болот. Ишеним катта ысымы аталган жарандардын төртөө Жапаровдун шайлоо учурундагы ишенимдүү өкүлү катары Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) каттоодон өткөн.



Интернетке жарыяланган ишеним каттагы суммаларды кошо келгенде 547 миң 500 доллар же 45 млн. сомдой болот. Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы маалыматта, Садыр Жапаровдун штабы шайлоого 57 млн. сомдон ашык акча короткону жазылат. Мамлекет башчы 3-июнда “Азаттыкка” курган маегинде мурдагы тарапташы Мелис Аспековго мындай деп жооп берген.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

“Сооронбай Жээнбековдон бүгүнкү күнгө чейин 1 миллион доллар алмак түгүл бир доллар алган жокмун. Кудай өзү көрүп турат. Ал эми Мелис Аспеков болсо шайлоо убагында мени сурап жатат деп ар кимден акча чогултуп кармалган. Ошол үчүн камакта жатат”.

Мелис Аспековдун айткандарын мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун адвокаты Асылбек Кочкоров да четке кагып, аны "карандай калп" деп атаган. Ал Жээнбековдун атынан Аламүдүн райондук сотуна арыз жазган болчу. Чүй облустук сотунун басма сөз катчысы Байыш Байгазинов адвокат Асылбек Кочкоров арызды чакыртып алганын билдирди.

Ички иштер министрлиги бул фактыга байланыштуу Жазык кодексинин 192-беренесинин 1-бөлүмү (Шайлоочуларды сатып алуу) менен сотко чейинки өндүрүш башталганы маалымдаган. Бирок иштин эмне болгону белгисиз. Аспеков кыскарып кеткенин айтууда.

Юрист Нурбек Токтакунов Аспеков чоң билдирүү жасаганын, ага юридикалык баа берилиши керектигин айтат.

Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

“Аспеков Садыр Жапаровдун штабы шайлоо фондунан тышкары каражат колдонгонун айтып жатат. Муну укук коргоо органдары текшериши керек. Анткени бул жерде кылмыш болуп атпайбы. Ошондо гана Аспековдун сөздөрүнүн чын-бышыгы аныкталат. Бул ишке Башкы прокуратура дагы көңүл бурушу керек. Маселенин юридикалык жолу ушундай”.

Быйыл 10-апрелде Мелис Аспековдун иниси Азамат Аспеков дагы кармалып, соттун чечими менен тергөө бүткүчө камакка алынган. Ал “президент менен байланышым бар” деп Бишкектеги “Сары-Өзөн” базарынан чоң жер тилкесин алып берүүнү убада кылып жабырлануучудан 44 миң доллар алган деп шек саналууда.

"Аферисттик иштериңди токтот" деп президент эскерткен

Мелис Аспеков Октябрь окуялары учурунда, андан кийин Садыр Жапаровду жандап жүргөн. Анын расмий ээлеген кызматы болбогону менен саясий чөйрөдө Аспеков Жапаровдун жакын адамы катары саналчу. Президенттик шайлоо учурунда Чүй облусунда бир катар жолугушууларды, иш-чараларды өткөрүп, жергиликтүү тургундарды Садыр Жапаровду шайлоого үндөп жүргөн.

Ал 2021-жылы 8-январда “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган. Алгач Жазык кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, май айында ага "Алдамчылык" беренеси да кошулган. Кийин Биринчи май райондук сотунун чечими менен жети жылга кесилип кетти.

9-июнда Аспековдун иши боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да пикирин билдирди. Жергиликтүү маалымат агенттигине жарыяланган маекте Ташиев мындай деген:

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

“Мелис Аспеков 2020-жылкы президенттик шайлоодо “Садыр Жапаровдун Чүй облусу боюнча штабын башкарып жатам, Садыр Жапаров сурап жатат, жардам бергиле" деп бизнесмендерден акча топтой баштаган. Чындыгында штаб башчысы болгон эмес. Ошондо эле биздин кызматкерлер мыйзамсыз иштери боюнча маалымат беришкен. Биз албетте, президентке жеткиргенбиз. Менин билишимче, президент Мелис Аспековко бир эмес, үч жолу: “…Аферисттик иштериңди токтот. Мени уят кылып жатасың” деп эскерткен. Ошондон кийин да токтобостон ошо кездеги “Кыргыз темир жолу” ишканасынын башчысы Василий Дашковго барып, “Садыр Жапаров сурап жатат, 250 миң доллар шайлоого жардам беришиңиз керек” деп акча алып кеткен”.

Аспеков менен чогуу камалган Улан Жураев тергөө менен кызматташып, аны Биринчи май райондук соту 260 миң сом айыпка жыккан. Ал эми “Кыргыз темир жолу” ишканасынын мурдагы жетекчиси Василий Дашков үй камагында.

39 жаштагы Мелис Аспеков бир нече жылдан бери саясатка аралашып, өзүн жарандык активист катары тааныштырып келет. Анын баскан жолунда чуу жараткан окуялар болуп келген. Мисалы, 2019-жылы Жогорку Кеңештин ошол учурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков УКМКга арыз менен кайрылган. Депутат өз арызында Мелис Аспеков андан 11 миң доллар доолаганын, сураганын бербесе, каралаган материал жарыялайм деп опузалаганын жазган.

Журналист Семетей Талас уулу Аспековдун соңку билдирүүлөрүндө жан бар экенин билдирди.

Семетей Талас уулу.
Семетей Талас уулу.

"Мелис Аспеков карама-каршылыктуу фигура. Ызы-чуу жараткан окуялардын башында жүргөн. Октябрь окуяларынан кийин кайра-кайра машине алмаштырып калганын жакшы билебиз. Негативдүү иштерге көп аралашкан. Бирок анын да өз чындыгы бар. Ошон үчүн кооптуу ишке бел байлап атат. Анткени Садыр Жапаровдун жанында жүргөн. Көп иштерден кабары бар. Ал ушундай жол менен абактан чыгуунун аракетин көрүп жатат окшойт. Маалыматтардын четин чыгарып, "калганын айта электе бошоткула" дегенсип".


Буга чейин Сооронбай Жээнбековдун штабы БШК расмий билдирген каражаттан алда канча көп колдонгону айтылып, социалдык тармактарга документтер жарыяланган. Бул маалыматты ошол учурдагы президенттин аппараты жалган жалаа катары сыпаттаган.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG