Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:39

Эркин Тентишев кызматтан кетишине дипломдун тиешеси жоктугун билдирди


Эркин Тентишев.
Эркин Тентишев.

Президенттин Чүй облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев кызматтан бошотулушуна дипломунун тиешеси жоктугун "Азаттыкка" билдирди. Ал окуу жайды союз учурунда бүтүргөнүн, кызматтан кетиши ден соолугуна байланыштуу экенин айтты.

Эркин Тентишев мамлекет башчы Садыр Жапаровдун буйругу менен бүгүн, 4-апрелде ээлеген кызматтан алынып, президенттин коомдук баштылыштагы кеңшчиси болуп дайындалды.

Мунун алдында айрым басылмалар Тентишев дипломуна байланыштуу кызматтан алынганын жазып чыгышкан.

Кыргызстанда жогорку жетекчилердин жасалма документке байланыштуу буга чейин чыр-чатактар болгон. Айрым депутаттардын кош жарандуулугу аныкталып, мандатынан кол жууса, жасалма диплом алганы билинип калып, айып төккөндөр да катталган.

XS
SM
MD
LG