Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:25

Ракка каршы жаңы дары адистерди таң калтырды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Чакан өлкөлөр Украинанын согуштук тактикасынан кандай сабак алса болот? Путиндин саламаттыгына тыкыр көз салган Күзөт кызматынын “сезимтал миссиясы”. Ракка каршы жаңы препарат. Дүйнөлүк басма сөзгө жума ичинде чыккан макалалар тууралуу кыскача баяндама.

Bloomberg 6-июнда басып чыгарган макаласында “чакан өлкөлөр Украинанын согуштук тактикасынан кандай сабак алса болот?” деген темага кайрылган.

Питер Мартин, Синди Ванг жана Аарон Эглитис президент Владимир Путин кошуна өлкөгө кол сала электе америкалык расмий адамдар жана чалгынчылар орус күчтөрү Киевди бир нече жумада, атүгүл бир нече күндө төңкөрөт деп боолгошконун, уруш башталганына үч айдан ашса да, Киев каршылык көргөзүп келатканын, орусиялык армиянын жоготуусу Ооганстандагы тогуз жылдык согушта СССРдин каза тапкан аскерлеринин санынан кыйла ашарын жазды.

Авторлор Тайвандан баштап Молдовага чейинки Украинадан алда канча чакан жана чабал мамлекеттер түрдүү сабак алса болорун, бирок эң негизгиси алар курал-жарак сатып алууга, армиясын структуралоого, АКШ жана башка өлкөлөрдөн колдоо табууга аракет көрүүгө тийиш деп эсептешет.

2018-жылы АКШнын улуттук коргонуу стратегиясынын үстүнөн иштеген Элбридж Колби Орусия же Кытайдын чабуулуна туш болушу мүмкүн деген өлкөлөр армиясын адискөй, борбордон алыс кылып түзүшү керек деген кеңешин берет.

Молдованын мурдагы коргоо министри Виорел Чиботарунун айтымында, Украинадагы согуш коопсуздукту камсыздоо концепциясын толугу менен өзгөрттү.

“Аскердик агрессияга жооп кайтаруу үчүн Молдова Javelins өңдүү заманбап курал, антизениттик системаларды алууга тийиш”, - деген ою менен бөлүшкөн Чиботару.

Макалада Балтика мамлекеттери тууралуу да учкай айтылган. Журналисттер сөзгө тарткан түндүк европалык расмий өкүлдөрдүн бири Бучадагы ырайымсыз кылмыштардан кийин региондун өлкөлөрү Орусияга каршылык көргөзүүгө эмес, Stinger, Patriot өңдүү ракета системаларын сатып алып, деңизди кайтарууну күчөтүү менен Москванын кол салуусунан алдын ала коргонуучу стратегияга өтүүнү чечишкенинин айтты.

Журналисттер муну менен бирге ошол сабактарды ишке ашыруу алда канча кыйын экенин, Орусия азыркы согушта кетирген каталарын түшүнүп, аларды оңдоого аракет көргөнүн да белгилешет.

Путин үчүн "сезимтал миссия"

Paris Match журналынын орус президенти Владимир Путиндин саламаттыгына арналган макаласын бир топ чет өлкөлүк маалымат каражаттары басып чыгарышты.

9-июнда жарык көргөн материалда Режис Жанте жана орусиялык “Проект” басылмасынын иликтөөчүсү Михаил Рубин кызыктуу бир фактыны белгилешкен.

“Президентти чет жактарга коштоп жүргөн командада Путиндин заң-заарасын чогултуп, Москвага алып кетүүгө жооп берген бир киши бар. Ошол заара менен заң... дүйнөнүн келечеги үчүн маанилүү маалыматты камтыйт”, - деп жазат басылма.

Авторлор бул Путиндин ыктымал ооруларын жашыруу үчүн жасалган аракет деп божомолдошот.

Журналисттер Жакынкы Чыгыштагы кыйыр булактарга таянып жазганына караганда, 2019-жылы орус лидери Сауд Арабияга барганда ошол “сезимтал миссияны” президенттин Күзөт кызматынын адамдары жүргүзгөн. Путиндин заңы жана заарасы пакеттерге салынып, кийин атайын чемодан менен Орусияга жеткирилген.

Андан ары авторлор операция тууралуу маалыматтын сыртка чыгып кетпешин ошол эле атайын кызматтар катуу көзөмөлдөшкөнүн, президенттин 2017-жылдын 29-майында Францияга визити учурунда да ушундай окуя болгонун жазышат.

Журналисттер 2012-жылдан бери Путин кеминде беш жолу калың элдин алдына чыкпай, бир нече күнгө “жоголуп кеткенине” токтолуп, 70 жаштагы саясатчынын саламаттыгы мурдагыдай болбой калды деген тыянакка келди.

Макалада жакында коргоо министри Сергей Шойгу менен жолугушуу учурунда орус мамлекет башчысынын 20 мүнөт бою үстөлдүн бурчун кармап отурганы, он жылдан бери бел оорусунан жабыркаганы, айрым иликтөөчү басылмалар аны онкологиялык илдеттерге адистешкен дарыгерлер коштоп жүргөнүн жазганы айтылат.

Журналисттер "президенттин ден соолугу чың" деген миф кыйраганын, Орусияда бийлик жетекчилеринин абалын жаап-жашыруу салты уланып жатканын, Путин акырыкы кезде сапарларга дээрлик чыкпай калганын белгилешет.

Ракка каршы жаңы дары

The New York Times гезити 5-июндагы санында ракка каршы дарыны сыноо оң жыйынтыкка алып келгенин баяндаган. Жина Колата жазганына караганда, көтөн чучуктагы зыяндуу шишиктен жабыркаган 18 кишиге жаңы препарат берилип турду. Натыйжада бейтаптардын бардыгында химия терапиясыз эле ремиссия байкалган, рактын клеткалары тез азайгандыктан, аны кадимкидей текшерүү, эндоскопия, МРТ аныктай алган эмес.

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Автор New England Journal of Medicine журналында жарык көргөн макалага таянып жазгандай, залалдуу шишиктерди дарылоодо буга чейин мындай жыйынтык болуп көргөн эмес.

Ошол эле маалда жаңы дарыны дарттын дабасы деп атоого шашылбоо керектиги айтылат. Гезит Сан-Францискодогу Калифорния университетинин адиси Алан Венчуктун пикирине орун берген. Дарыгердин айтымында, изилдөөгө аз киши катышкан же рактын бул түрү башкалардан айырмаланат, ошон үчүн дарынын организмге тийгизген терс кесепеттери катталган жок.

"Дагы бир адистер изилдөө чакан болгонун, кандайдыр бир тыянакка келүү үчүн аны дагы кайталап, бекемдөө керектигин белгилешет. Бирок кандай болгон күндө да, алгачкы эксперименттин жыйынтыгы чындап эле таң калтырат", - деп жазат The New York Times

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG