Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Украинадагы согушта дагы бир теги кыргызстандык каза болду


Украинадагы согушта жарактан чыккан орус танкы
Украинадагы согушта жарактан чыккан орус танкы

Украинада согушта Орусиянын жарандыгын алган теги кыргызстандык 26 жаштагы Рустам Зарифулин каза тапканы белгилүү болду. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Кара-Балта шаардык мэриясынан ырасташты.

Маркумдун сөөгүн алып келген учак бүгүн Канттагы Орусиянын аба базасына түнкү саат 3тө конгон.

Маалыматка ылайык, маркум Кара-Балта шаарында туулуп-өскөн. Мектепти бүтүргөндөн кийин Орусиянын жарандыгын алып, аталган өлкөнүн армиясында келишимдик негизде кызмат кылып жүргөн.

Анын ата-энеси жана бир туугандары Кара-Балта шаарында жашайт.

Рустам Зарифулин 14-мартта Украинадагы согушта каза болгон. Анын сөөгүн тосуп алууга жакындары, Орусиянын Канттагы аскер базасынын жетекчилиги катышты. Зарифулиндин сөөгү 27-мартта Кара-Балтада жерге берилет.

Украинада каза болгон теги кыргызстандык аскер боюнча Орусиянын Бишкектеги элчилиги маалымат тарата элек.

Буга чейин Украинадагы согушта орус жарандыгын алган кыргызстандык 19 жаштагы Эгемберди Дорбоев окко учканы белгилүү болгон. Анын сөөгү 25-мартта Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында жерге берилди.

Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны Орусияда эмгектенет. Бейрасмий маалыматка караганда, 400-500 миңдей кыргызстандык орус жарандыгын алган.

Орусия Украинага 24-февралда кол салган. Андан бери бир канча шаарлар талкаланып, 3 миллиондон ашуун адам өлкөдөн чыгып кетти.

Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин согуш башталгандан бери белгилеп келет.(BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG